Кыргызстанда ун жыл башынан бери 15,1%га кымбаттады
7 декабрь 2020

Кыргызстанда ун жыл башынан бери 15,1%га кымбаттады

2020-жылдын тогуз айында республика боюнча ундун баасы 15,1%га жогорулады, ал эми жогорку сорттогу ундун баасы 11,3%га, биринчи сорттогу ундун баасы 17,7%га көтөрүлдү.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, сентябрь айында эң жогорку орточо керектөө баалары Ноокат шаарында катталды. Ошентип, жогорку сорттогу 1 килограмм ундун баасы 52,44 сомду, биринчи сорттогу ундун килограммы 43,53 сомду түздү.

Сентябрь айында республика боюнча жогорку сорттогу 1 килограммы ундун орточо керектөө баасы 46,84 сомду түзсө, 2019-жылдын сентябрь айында 37,41 сом болчу.