Кыргызстандын тургундары жыл башынан бери өлкөдөн 353 млн доллар чыгарып кетишти
14 ноябрь 2020

Кыргызстандын тургундары жыл башынан бери өлкөдөн 353 млн доллар чыгарып кетишти

Улуттук банктын маалыматы боюнча быйыл январдан сентябрга чейин Кыргызстандан 353 млн доллар чыгарылып кеткен.

Бул жерде сөз жеке тараптардын акча которуу системалары аркылуу жасалган трансакциялары тууралуу болуп жатат.

Былтыр ушул мезгилде чыгарылып кеткен акчанын көлөмү 386 млн долларды түзгөн. Ошол эле учурда быйыл үчүнчү кварталда Кыргызстандын жарандары 139,7 млн доллар чыгарып кетишкен. Бул 2019-жылдын ушул маалына караганда 4,2 миллионго көп.

Буга чейин «Кыргыз Элим» Кыргызстандан капиталдын чыгарылып кетиши 2020-жылы кескин түрдө өскөнүн билдирген. Атап айтканда, өлкөдөн инвестициянын чыгарылышы 2019-жылга салыштырмалуу 2,5 эсе көбөйүп, ноябрда анын көлөмү 400 миллион долларга жетти.