Пандемиянын айынан Кыргызстанга 50 миң эмгек мигранты кайтып келди
19 декабрь 2020

Пандемиянын айынан Кыргызстанга 50 миң эмгек мигранты кайтып келди

Коронавирус пандемиясынын айынан Кыргызстанга 50 миңден ашуун эмгек мигрантты кайтып келишти. Азыр чек аралар жабык болгондуктан көпчүлүгү жумушуна бара албай турат. Бул тууралуу «Борбор Азия кыймылда» координациялык комитетинин төрайымы Нурия Темирова билдирди.

«Айрым маалыматтарга караганда, россиялык компаниялардын 40%ы жумушчу күчүнө муктаж. Россияда жүргөн эмгек мигранттары пандемия учурунда коротулган каражатты табуу үчүн күнү-түнү иштеп жатат», — деп белгиледи эксперт.

Мигранттардын которгон акчасы Кыргызстандын ИДПсынын үчтөн бир бөлүгүн түзөт. Которуулардын былтыркы жылга салыштырмалуу азайышынан улам өлкө экономикасына 50 миллион доллар келген жок. Көптөгөн мигранттар жумушун жоготуп, үйлөрүнө кайта албай калышты. Аларды улуттук диаспоралар, коомдук уюмдар жана мамлекеттик органдар колдоп жатат. Укуктук жана экономикалык жардам көрсөтүү үчүн интернет булактарында жана социалдык тармактардагы баракчалар ачылды.

Кайра жумушуна кете албай тургандарга токтолсок, өкмөт алар үчүн өз мекенинде жеңилдетилген шартта чакан жана орто бизнести ачууга мүмкүндүк берген программа иштеп жатат.