Кыргыз өкмөтү көмүскө сатылган товарларды азайтууну көздөп жатат
26 ноябрь 2020

Кыргыз өкмөтү көмүскө сатылган товарларды азайтууну көздөп жатат

Кыргыз өкмөтү ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо боюнча ишин уланта берет. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал бул иш 2019-жылы башталып, быйыл натыйжаларын берип жатканын белгиледи.

2020-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча 34,4 миллиард сомго конкурс ийгиликтүү өтүп, анын 42%ы ата мекендик товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн үлүшүнө туура келгенин кошумчалады.

«Ошол эле учурда ата мекендик товарлар 36,3%ды түздү, ал эми 2018-жылы бул көрсөткүч 13,7%ды гана түзгөн» — деп кошумчалады Новиков.

Анын айтымында, жакынкы келечекте ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо саясатынын натыйжасында товарларды өндүрүүдөн тарта аны импорттолушун жана акыркы керектөөчүгө чейин сатылышын көзөмөлдөөгө болот. Бул өз кезегенди өлкөдөгү товарлардын көмүскө сатылышын кыскартат.