Россия Кыргызстанга каржылык жардамды жандандырат
15 ноябрь 2020

Россия Кыргызстанга каржылык жардамды жандандырат

Россия Кыргызстанга каржылык жардам көрсөтүүнү этап-этабы менен ишке ашырат. Бул тууралуу 14-ноябрда Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиковдун Орусиянын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак менен жолугушуусунда макулдашылды.

«Тараптар Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелеринин топтомун талкуулашты», — деп билдирди Кремлдин басма сөз кызматы.

Жолугушууда эки тарап Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалды да талкуулашты.

Новиков 2020-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин Кыргыз Республикасында ички саясий кырдаалды турукташтырууда Россиянын өзгөчө ролу үчүн ыраазычылык билдирди.

Эскерте кетсек, Москва Кыргызстандагы октябрь айындагы башаламандыктардан кийин Бишкекке каржылык жардам көрсөтүүнү токтоткон.