Кыргызстанда канаттуулар чарбасы өнүктүрүлөт
27 ноябрь 2020

Кыргызстанда канаттуулар чарбасы өнүктүрүлөт

Кыргызстанда канаттуу чарбасын өнүктүрүү пландалууда. Бролейлер тооктору менен жумуртка өндүрүшүн жогорулатылат. Тактап айтканда, тоокту үй шартында багуу мектеби ачылат. Бул тууралуу Канаттуулар фермерлеринин ассоциациясынын төрагасы, Соода-өнөр жай палатасынын мүчөсү Эрмек Мамырканов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

«Өндүрүштү көбөйтүү үчүн биз заводдордо мал чарбасын кеңейтүүнү гана эмес, фермерлерди эт жана жумуртка өндүрүүгө тартууну пландап жатабыз», — деди Мамырканов.

Анын айтымында, Кыргызстанга контрабандалык товарлар аз келе баштады, бул ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн ишин бир топ жеңилдетти. Буга чейин аларга арзан товарларга атаандашуу кыйын болчу. Бүгүнкү күндө кыргыз өндүрүүчүлөрү өлкөдөгү канаттуулардын азыктарына болгон талаптын 50-60% камсыз кылат.