Кыргызстанда жыл башынан бери кой менен уйдун эти кымбаттады
16 ноябрь 2020

Кыргызстанда жыл башынан бери кой менен уйдун эти кымбаттады

Кыргызстанда жыл жаңыргандан бери койдун эти 27,7%га, ал эми уйдун эти 23,8%га кымбаттады. Баалардын көтөрүлүшүнө коңшу Казакстандын кара малды өлкөдөн чыгарууга киргизген чектөөсү себеп болгонун Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Казак бийлиги башка мамлекеттерге тактап айтканда Өзбекстанга экспорттолгон малдын көлөмү өскөндүктөн тирүү малдын өлкөдөн чыгарылышына тыюу салган.

Мындай өсүүгө Өзбекстанда мал чарбачылыгын калыбына келтирүү боюнча кабыл алынган мамлекеттик программа себеп болгон.

Фермерлер мал үчүн арзан насыя алып, Казакстандагы эт комбинаттарына караганда кымбатыраак төлөй алышат. Андыктан казак мал сатуучулары товарларын Өзбекстанга экспорттоону туура көрүшөт.

Казакстан тирүү малды сатууга тыюу салгандан кийин Өзбекстандан келген алармандар малды Кыргызстандан сатып ала баштаган. Бул өз кезегинде эттин баасынын кымбатташына алып келген.