Өкмөт пенсия убагында төлөнөрүн убада кылууда
21 декабрь 2020

Өкмөт пенсия убагында төлөнөрүн убада кылууда

Өкмөт социалдык милдеттенмелерди өз убагында жана толук көлөмдө аткарууну улантат. Бул тууралуу премьер-министрдин м.а. Артём Новиков бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча жыйында айтты.

«Бүгүнкү күндө өкмөттүн пенсия төлөө боюнча бардык милдеттерин аткарды. Бул маселе боюнча бизде эч кандай коркунуч жок», — деди ал.
Ал өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик салык кызматына декабрь айына камсыздандыруу төгүмдөрүнүн пландаштырылган көрсөткүчтөрүн аткаруу үчүн бардык чараларды көрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, Новиков тышкы карызды төлөө боюнча өкмөттүн бардык милдеттенмелери дагы аткарылат деп ишендирди.