Булгаарыдан буюм-тайым жасаган кыргызстандктар менен бут кийим тиккендерге колдоо болот
16 ноябрь 2020

Булгаарыдан буюм-тайым жасаган кыргызстандктар менен бут кийим тиккендерге колдоо болот

Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңеши ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин булгаары-бут кийим өндүрүшүн колдоого алуу үчүн иш-чараларды кабыл алды.

Тактап айтканда, булгаарыдан буюм жасоодо колдонулуучу химиялык өнүдүрүш товарларын алып кирүүдө бажы салымы жокко чыгарылат. Мындай шарт үч жылга чейн жарамдуу болот.

«Бул жерде сөз эфироспирт, баштапкы формадагы полиуретан тууралуу сөз болуп жатат. Буга чейн ЕЭКтин коллегиясы боёктерго, лакка, булгаарыны ылайыктоо үчүн колдонулган даяр суу пигменттерине бажы алымдары төмөндөтүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Жогоруда аталган товарларды негизинен Россиянын булгаарычылар жана өтүкчүлөр кеңеши, Армениянын тери жана бут кийим өндүрө турчу «Расси» фабрикасы, Беларустун Бобруйск тери комбинаты, Казакстандын Алматы тери заводу жана Кыргызстандын «Ак Марал» ААКы колдонот. ЕАЭБдин ичинде бул товарлар чыкпайт.

Бажы алымдарын жокко чыгаруу өндүрүштү жакшыртып, тери-бут кийим тармагынын өнүгүшүнө шык берери күтүлүүдө. Андан сырткары өндүрүштү арттырып, даяр продукциянын атаандаштыгын күчөтөт.

ЕЭК кеңешинин чечими расмий жарыялангандан кийин 30 календардык күндөн кийин күчүнө кирет.