Кыргызстан алтынды экспорттоонун көлөмүн кыйла көбөйттү
21 декабрь 2020

Кыргызстан алтынды экспорттоонун көлөмүн кыйла көбөйттү

Кыргызстандан алтынды экспорттоонун көлөмү доллар менен алганда да, салмак жагынан да бир кыйла көбөйдү. Кеп куйма металлды экспорттоо жөнүндө болуп жатат.

Улуттук статистика комитеттин маалыматы боюнча, ушул жылдын он айында Кыргызстан 855 миллион долларлык алтын экспорттогон. Салмагы менен айтканда 15 тонна 423,3 килограммды түзөт.

Баалуу металлдын көрсөтүлгөн көлөмүнүн бардыгы Улуу Британияга экспорттолгон.

Салыштыруу үчүн: өткөн жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстан 14 тонна 864,9 килограмм алтынды 652,6 миллион долларга саткан.