Кыргызстанда мүлктү ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө мыйзамга кол коюлду
9 декабрь 2020

Кыргызстанда мүлктү ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Президенттин м.а. Талант Мамытов «Жеке жактардын мүлкүн жана кирешелерин өз ыктыяры менен декларациялоо жөнүндө» Мыйзамдын макулдашылган редакциясына кол койду, деп билдирди мамлекет башчынын басма сөз кызматы. Тиешелүү мыйзамды парламент 5-ноябрда кабыл алган.

Мыйзамдын негизги максаты — мүлктү жана кирешелерди мыйзамдуу экономикалык жүгүртүүгө чыгаруу, декларацияланган мүлктүн жана кирешенин кол тийбестигинин кепилдиктерин, ыктыярдуу декларация процессине катышкан адамдардын кол тийбестигинин кепилдиктерин белгилөө жана ушул процесстин купуялуулугун сактоо. Бизнести көмүскөдөн алып чыгуу өлкөдөгү экономикалык активдүүлүктүн жанданышына алып келет деп күтүлүүдө. Мыйзам 2021-жылдын ичинде колдонулат.

Эгерде ыктыярдуу декларациялоо объекттеринин наркынын суммасы белгиленген 70 млн сом декларация чегинен ашып кетсе, ашыкча суммасына карабастан, декларанттын тандоосу үчүн эки жол бар. Же адам декларацияланган объектинин наркынын 1% төлөшү керек, же ал жүгүртүү мөөнөтү 7 жыл болгон мамлекеттик баалуу кагаздарды декларантка жылдык 5% кирешеси менен декларацияланган объектинин наркынын 10% өлчөмүндө сатып алат.