Кыргызстанда окуяларга бай туризмди өнүктүрүү улантылат
Акыркы беш жыл ичинде Кыргызстан дүйнөлүк туристтик рынокто окуяларга бай туризмдин таанымал өлкөсү болуп калды. Бул тууралуу Туризм департаменти тарабынан иштелип чыккан Кыргызстанда 2021-2025-жылдарга кышкы туризмди өнүктүрүүнүн концепциясынын долбоорунда айтылат.
Ушул жылдын февраль айында эл аралык туристтик блогерлер үчүн Кыргызстандын кышкы кооз жерлери менен таанышуу туру уюштурулган. Натыйжада, бир айдын ичинде социалдык тармактарда #DiscoverKyrgyzstan хэштеги менен басылмалар 1 миллиондон ашуун потенциалдуу туристтерге жетип, 85 миңге жакын жооптор жазылган.
Министрлик Кыргызстандын кышкы туризм боюнча сунуштарын жайылтуу үчүн эл аралык эксперттерди чакырууну улантуу зарыл деп эсептейт.