Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрү менен саада-сатыкты 12%га азайтты
17 ноябрь 2020

Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрү менен саада-сатыкты 12%га азайтты

Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен болгон соода-сатыгынын көлөмү 2020-жылдын 9 айында 1 млрд 791,5 млн долларды түздү. Бул былтыркыга салыштырмалуу 12%га аз экенин Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Атап айтканда, бут кийимдердин экспорту — 7,1 эсе, пахта — 2,6 эсе, кийим-кече — 2,1 эсе, трикотаж кийимдер — 1,5 эсе, жез калдыктары менен сыныктары — 1,7 эсе, айнек — 16,8%га, баалуу металдардын калдыктары менен сыныктары 14,4%га, автомобиль жана тракторлордун тетиктери 13,2%га азайган.

Ошол эле маалда, ЕАЭБ мамлекеттеринен кургатылган жемиштерди алып келүү — 2,8 эсе, жарыктандыруу жабдуулары — 1,8 эсе, кургатылган буурчак өсүмдүктөрү — 1,7 эсе, баалуу металлдардын кендери жана концентраттары — 24,5%, желим идиштер — 15,9%, сүт жана сүт азыктары — 9,4%га өскөн.

Андан сырткары ЕАЭБ мамлекеттеринен Кыргызстанга импорттолгон жыгач жана андан жасалган буюмдар 1,7 эсе, курамында какао бар шоколад жана башка даяр азык-түлүктөр 26,2%га, күн карама майы — 21,7%га, тамеки — 20,5%га, таш көмүр — 17,7%га, нефтепродукция — 17,6%га, минералдуу жана газдалган суу — 13,8%га жана кара металл — 11%га азайган.

Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россия (64,6%) енен Казакстанга (33,4%) туура келет.