Кыргызстан 2020-жылы балыктан 1 миллиард сом пайда көрдү
14 январь 2021

Кыргызстан 2020-жылы балыктан 1 миллиард сом пайда көрдү

2020-жылы Кыргызстанда 5 миң тонна балык өндүрүлгөн. Бул тууралуу Балык чарба департаментинин директору Эдил Ниязов Жогорку Кеңештин 13-январдагы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, республика башка өлкөлөргө 3,1 миң тонна балык экспорттоп, анын килограммы орто эсеп менен 250 сомду (220 рубль) түздү. «Башкача айтканда, киреше болжол менен 1 миллиард сомду (885 миллион рубль) түздү», — деди чиновник.

Балык продуктуларынын импорту боюнча ал Кыргызстанга жылына 4 миң тоннадан 5 миң тоннага чейин консерваланган жана океан балыгы — негизинен Россия менен Казакстандан келерин айтты.