Новиков: Салык кызматы жазалоочу орган болбошу керек
10 декабрь 2020

Новиков: Салык кызматы жазалоочу орган болбошу керек

Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков Салык кызматы мындан ары жазалоочу орган болбошу керек деп билдирди. Ошол эле учурда, бийлик айрым ишкерлер талап кылып жаткандай, салыктарды таптакыр алып салууга даяр эмес.

«Биз бизнес менен компромисске барышыбыз керек. Эми эң оңой жолу — салыктарды жоюп салуу, бирок анын ордун кандайдыр бир жол менен толтуруу керек болот! Албетте, дагы бир жолу чет элдик кредиторлорго кайрылсак болот, бирок карыздарды өзүбүздүн салыктардан эле төлөйбүз. Бул бизге андан ары өнүгүүгө мүмкүнчүлүк бербейт. Ошондуктан мен ишкерлерден кырдаалды түшүнүү менен кабыл алууну суранам. Өкмөт ишкердик тармагын жеңилдетилген каржылоо программасын баштады. Каржы министрлиги менен биргеликте биз бул программаны улантуу үчүн булактарды таап жатабыз. Жыл аягына чейин болжол менен 3 миллиард сом бөлүнөт», — деди Новиков Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде.

Мындан тышкары, премьер-министрдин м.а. өкмөттүн жыйынында Каржы министрлигине мамлекеттин бардык социалдык милдеттенмелерин салыктык кирешелердин деңгээли менен теңдөө тапшырылды. Новиковдун айтымында, буга 1-2 жылдын ичинде жетишүүгө болот. Эгерде ийгиликтүү ишке ашса, анда чет өлкөлүк каржылар экономиканы өнүктүрүүгө гана багытталат.

Ошол эле учурда Новиков Салык кызматы мындан ары жазалоочу органдын ролун аткарбашы керектигин белгиледи. Анын ордуна, салык кызматкерлери ишкерлерге кызмат көрсөтүү менен аларды колдоосу керек. Аткаминер мындай мамиленин натыйжасында ишкерлер көмүскөдөн чыга баштайт деп үмүттөнөт.

«Биздин биринчи кезектеги милдетибиз — жылдын аягына чейин салык мыйзамдарын олуттуу реформалоо. Бизнести коргош керек: эгерде салык кызматкери текшерүү жүргүзгөн болсо, анда ишкер бул текшерүүнүн жыйынтыгына көз карандысыз экспертиза дайындоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек», — деди Новиков.