Жыл башынан бери Кыргызстанда 13,1 миң тонна жүн жана 1,4 миллион тонна сүт өндүрүлдү
29 ноябрь 2020

Жыл башынан бери Кыргызстанда 13,1 миң тонна жүн жана 1,4 миллион тонна сүт өндүрүлдү

Ушул жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстан 13,1 миң тонна жүн өндүрдү. Өткөн жылы ушул эле мезгилде жүн өндүрүүнүн көлөмү 12,9 миң тоннаны түзгөн, деп айтылат Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында.

Ошентип, 2020-жылдын январь-октябрь айларында жүн өндүрүшүнүн өсүшү 2019-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,3% түздү.

Мал чарба продуктыларынын башка турлерун өндүруунун көлөмү да көбөйдү.

Тактап айтканда, жыл башынан бери сүт өндүрүүнүн көлөмү 1,4 миллион тоннага жетти. 2019-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өндүрүштүн өсүшү 2,4% түздү.