Кыргызстанда жаңы салык кодекси даярдалууда
18 ноябрь 2020

Кыргызстанда жаңы салык кодекси даярдалууда

Кыргызстандын өкмөтү жаңы салык кодексин даярдоого киришти.
Экономикалык реформалар боюнча кеңештин биринчи отуруму кечээ өттү.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиковдун айтымында, салык жана социалдык чегерүүлөр түшүнүктүү болуп, ыкмалар жана башкаруу заманбап болушу керек.
«Эл мамлекеттик системаны колдоо көрсөтүүчү курал катары эмес, тоскоолдук катары кабылдай баштады. Эксперттер жана бейөкмөт уюмдар менен өз ара байланыш начар бойдон калууда. Мындан ары биз экстенсивдүү жол менен өнүгүүгө жол бере албайбыз. Жакынкы жылдары калкты жумуш менен камсыз кылуу боюнча иштер алдыңкы орунда турушу керек», — деди премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков.
Кодексти жаңылоо боюнча иш эки айга созулат, бул убакыт аралыгында экономиканын негизги тармактарындагы реформалардын концептуалдык жолун иштеп чыгуу пландаштырылууда. Андан кийин эксперттер менен өкмөттүн талкуулоосуна жана бекитүүсүнө коюлат.