
Кыргызстан 2021-жылы 500 миллион доллар инвестиция тартууну пландап жатат
Учурда болжол менен 500 миллион АКШ долларына бааланган инвестициялык долбоорлордун тизмеси түзүлүүдө, аларды тышкы жана ички инвестицияларды тартуу менен каржылоо пландаштырылууда.
Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков кечээ парламенттик жыйында билдирди.
Анын айтымында, 2021-жылга карата экономиканы колдоо боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу үчүн иш-чаралардын планы иштелип жатат.
Тактап айтканда, айыл чарбасын өнүктүрүүгө 1,1 миллиард сом каралган. Ишкерлерди колдоо үчүн 4 миллиард сом жумшоо пландалууда. Мамлекеттик ипотекалык компанияга болжол менен 500 миллион сом бөлүнөт.
Мындан тышкары, «Керемет Банкты» кошумча капиталдаштыруу, лизингдик операциялардын портфелин 4 млрд сомго жеткирүү максатында мамлекеттик лизинг компаниясын түзүү пландаштырылууда.