
Октябрь айында Кыргызстанга которулган каражаттар 40 миллион долларга азайган
Ушул жылдын октябрь айында эмгек мигранттары Кыргызстанга 226,2 миллион доллар жөнөткөн, бул бир ай мурунку көрсөткүчтөн 40 миллион долларга аз. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат.
Каражаттардын көпчүлүгү салттуу түрдө Россиядан которулган — 222 млн АКШ доллары.
Жалпысынан ушул жылдын январь-октябрь айлары аралыгында кыргызстандыктар жалпысынан мекенине 1 миллиард 954,9 миллион АКШ долларын жөнөтүшкөн.