Кыргызстан 128 миллион доллар инвестициядан кол жууйт
23 декабрь 2020

Кыргызстан 128 миллион доллар инвестициядан кол жууйт

Жыл башынан бери түздөн-түз чет элдик инвестициялардын агымы дээрлик 400 миллион долларды түздү, бул былтыркы жылга салыштырмалуу дээрлик үчтөн бирге аз. Инвесторлор негизинен кызмат көрсөтүүлөргө, туризмге, кайра иштетүү өнөр жайына жана тоо-кен тармагына инвестиция салат.

«Өлкөгө түздөн-түз чет элдик инвестицияларыбыздын негизги бөлүгү тоо-кен тармагына жана геологиялык чалгындоого жумшалат. Бул чөйрөдөгү ар кандай процесстер алардын ишмердүүлүгүнүн төмөндөшүнө дароо таасир тийгизет.

Ушул айлардын ичинде бизнес өзүнүн ички резервдерин — эмгек акыларын төлөөгө, аларды кармап калууга жана кызматкерлердин үй-бүлөсүн багууга мүмкүнчүлүк берүүгө аракет кылды», — деди Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков.