Кыргызстанда 2021-жылдын бюджети бекитилди
4 январь 2021

Кыргызстанда 2021-жылдын бюджети бекитилди

Президенттин м.а. Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу журналисттерге анын басма сөз кызматынан билдиришти. Тиешелүү мыйзам долбоору парламентте 2020-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

2021-жылы бюджеттин кирешеси 172,981 миллиард сомго жетиши күтүлүүдө. Анын чыгаша бөлүгү болжол менен 181,354 миллиард сомду түзөт. 2021-жылга карата Кыргызстандын бюджетинин тартыштыгынын максималдуу өлчөмү 8,463 миллиард сом.