Кыргызстанда жыл башынан бери азык-түлүк 5,3%га кымбаттады
1 декабрь 2020

Кыргызстанда жыл башынан бери азык-түлүк 5,3%га кымбаттады

Жыл башынан бери жалпы республика боюнча азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баа 5,3%га өстү. Ошол эле учурда, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, ушул категориядагы товарлар 1,2%га жогорулаганын Улуттук статистика комитети билдирди.<\p>

Жыл башынан баалардын жана тарифтердин көтөрүлүшү (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык аймактарында катталды. Жыл башынан бери азык-түлүккө болгон баанын эң чоң өсүшү Талас облусунда 6,3%ды түздү.

Алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки продукцияларына баалардын жана тарифтердин максималдуу өсүшү Жалал-Абад облусунда (10,8%), кызмат көрсөтүүлөр Талас облусунда (2,4%) катталды.