РКӨФ Кыргыз Фондулук Биржасынын акцияларын сатып алды
4 январь 2021

РКӨФ Кыргыз Фондулук Биржасынын акцияларын сатып алды

Россия-кыргыз өнүгүү фонду (РКӨФ) «Кыргыз фондулук биржасы» жабык акционердик коомунун 7,5% акциясын экинчи рыноктон сатып алган. Бул тууралуу фондулук рынокту өнүктүрүү боюнча жыйында белгилүү болду. Аны премьер-министрдин м.а. Артём Новиков өткөрду.

Өкмөт мындай сатып алуу менен РКӨФ өлкө экономикасы үчүн маанилүү долбоорлорду каржылоону гана эмес, ошондой эле Кыргызстандын каржы рыногун өнүктүрүүгө жигердүү катышууну көздөп жаткандыгын баса белгиледи.

«Ушундай ири оюнчунун пайда болушу потенциалдуу инвесторлордун көңүлүн баалуу кагаздар рыногуна бурушу керек, бул ички фондулук рынокто инвестициялык компоненттин олуттуу чыңдалышына өбөлгө болот. Улуттук банк тарабынан потенциалдуу жоготууларды жана чыгымдарды жабуу үчүн резервдин талаптары Кыргызстандын резиденттеринин компанияларынын баалуу кагаздары боюнча 50 пайыздан 5 пайызга чейин максималдуу төмөндөтүлдү», — деди Новиков.

Биринчиден, фонд институционалдык инвестор катары ири облигациялардын чыгарылышынын көлөмүнүн 15%га чейин сатып алуу менен алектенет.