Эксперттер экономикалык мунапыс жана анын Кыргызстандагы азыркы кырдаалдагы ролуна комментарий беришти
19 ноябрь 2020

Эксперттер экономикалык мунапыс жана анын Кыргызстандагы азыркы кырдаалдагы ролуна комментарий беришти

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров мамлекет башчысынын милдетин убактылуу аткарып жатканда экономикалык мунапыс жарыялаган. Ал 30 күндүк убакыт берген. Эгерде жарандар ушул мезгилде мыйзамды бузуу менен тапкан каражатын кайтарып беришсе, анда алар жазаланбайт. Бул аракеттердин ишке ашырылышын «Кыргыз Элим» порталына саясат таануучу Марс Сариев мындайча түшүндүрдү:

«Жапаров айткандай, коррупция менен соттолгондордон акча өндүрүү мүмкүн эмес, ал эми экономикалык мунапыс жок дегенде каражаттын бир бөлүгүн кайтарып берүүгө жардам берет. Мисалы, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов буга чейин күмөндүү жол менен тапкан акчасын бюджетке кайтарып бере баштаган. Мындан тышкары, коңшу Казакстанда экономикалык мунапыс берүү тажрыйбасы бар. Ал жакта ири суммаларды кайтарып алышкан. Эгерде өкмөт Кытайдын карызынын жок дегенде бир бөлүгүн экономикалык мунапыс менен алынган каражаттардын эсебинен жаба алса бул өтө чоң саясий натыйжа болот».

Мындан тышкары, экономист жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кубанычбек Идинов «Азаттык» радиосуна берген маегинде мындай чаралар өлкөдөгү азыркы кризистик учурдагы зарылчылык деп билдирген:

«Мен ар дайым ушундай демилге менен кыргыздардын арасынан лидер чыгабы деп ойлоп жүрдүм. Монголиянын лидери болгон дүйнөнүн чемпиону мындай чараны киргизип, оффшорлордо жаткан акчаларды мамлекеттик бюджетке кайтарууну талап кылганда, мен аны мындай чечим үчүн мактагам. Азыркы кырдаалда парламент карагыча эле жыл аяктайт. Анан калса ИДПнын 10%га төмөндөшү болжолдонууда. Эгер дароо ушундай чараларды көрүлсө жок дегенде аны өз деңгээлинде сактап калууга болот. Мына Райымбек Матраимов 2 миллиард сом төлөөгө даяр деп жатышат. Эгерде дагы жүз же миңге жакын ушул сыяктуулар бюджетке жок дегенде аныкындай сумма которсо, анда балким, быйылкы бюджет аткарылат. Ошондуктан, мунапыс ушунчалык тез жана кыска мөөнөткө жарыяланды».