Кыргызстанда 11 ай ичинде дээрлик 240 миллиард сомдук товар өндүрүлдү
24 декабрь 2020

Кыргызстанда 11 ай ичинде дээрлик 240 миллиард сомдук товар өндүрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрь айларында кайра иштетүү тармактарынын өндүрүшүнүн көлөмү 239 миллиард 357,3 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин материалында айтылат.

Жалпы көлөмдүн ичинен тамак-аш азыктары (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки буюмдары 28 млрд 184,1 млн сомду (9,7%) түзөт. Тактап айтканда, жыл башынан бери макарон азыктарын өндүрүү көлөмү 16 миң тоннаны түздү, бул 2019-жылга караганда 10%га аз.

Торт, токоч жана башка кондитердик азыктарды өндүрүүнүн көлөмү 2020-жылдын башынан бери 4,6 миң тоннаны түздү, бул 2019-жылга салыштырмалуу 18%га аз.