Кыргызстандыктар чакан насыяларды көп ала баштады
20 ноябрь 2020

Кыргызстандыктар чакан насыяларды көп ала баштады

Үстүбүздөгү жылдын январь айынан сентябрь айына чейин Кыргызстандагы микрокредиттик уюмдар тарабынан 545 миң кишиге жалпы суммасы 23,4 миллиард сомго насыя берилди.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу чакан насыя алгандардын саны 18,5%га көбөйгөн. Ал эми берилген чакан насыяалардын көлөмү 6,4% га жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Микрокредиттердин көбү Ош (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 22,3%) жана Жалал-Абад (15,7%) облустарына, Бишкек шаарына (14,8%), ошондой эле Чүй облусуна (13,1%) берилген.

Насыялардын үчтөн бири (33,5%) айыл чарбасына алынган, 27% керектөөчүлөрдүн муктаждыктары үчүн алынган, 10,4% соода жана коомдук тамактанууга берилген.

Ушул жылдын тогуз айында микрокредиттерди төлөө деңгээли 93,1% түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,4%га төмөн.