Новиков чакан жана орто бизнеске колдоо болорун убадалады
25 декабрь 2020

Новиков чакан жана орто бизнеске колдоо болорун убадалады

Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков бийлик бизнес өкүлдөрүн мүмкүн болушунча колдой турганын билдирди. Бул тууралуу ал Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарында айтты.

Новиковдун айтымында, өлкөнүн приоритети чакан жана орто бизнести өнүктүрүү болуп саналат. «Чакан жана орто бизнести укуктук коргоо, анын ичинде бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу боюнча иштер жигердүү жүргүзүлүп жатат. Бардык көйгөйлөр жөнүндө билебиз, бирок алубакытты талап кылат. Эң негизгиси, мындан аркы иш-аракеттерди түшүнүү жана аны ишке ашыруу үчүн план бар», — деп жыйынтыктады Артем Новиков.