Россия Кыргызстанга кайтарымсыз жардам катары 20 миллион доллар бөлөт
Россиянын Кыргызстандагы элчилиги Россия Федерациясы республикага кайтарымсыз негизде 20 миллион доллар бөлө турганын билдирди. Каражат Кыргызстандын бюджетиндеги каржылык боштукту жабууга жумшалат.
Анын ичинде алар бюджеттик кызматкерлерге эмгек акы төлөөгө, пенсия, аз камсыз болгон адамдарга жөлөкпул ж.б.у.с. коротулат. Мындан тышкары, каражат Кыргызстандын саламаттык сактоо системасына дагы бөлүнөт.
Келишимдин долбоору буга чейин жактырылган жана жакын арада кол коюлат.