
Кыргызстан ачык бюджет индексинен 63 упай топтогон
Ачык бюджет индексинде Кыргызстан 63 упай топтоду. Бул тууралуу 11-декабрда каржы министри Кыялбек Мукашевдин өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда талкууланды.
Каржы министри эл аралык донорлор менен кызматташуу маселелеринде бюджеттин ачыктыгынын маанилүүлүгүн белгиледи.
«Министрлик артыкчылык берген максат — Кыргыз Республикасынын жарандарына эмгек акы, пенсия жана жөлөкпулдарды төлөө боюнча кийинкиге калтырылбай турган милдеттенмелерди аткаруу», — деп кошумчалады министр.
Салыштырмалуу Россиянын бюджетинин ачыктыгынын индекси 74 балл, Украина — 63, Казакстан — 58.