эксперт
15 февраль 2022

Кыргызстан-Казакстан биригүүгө убакыт келдиби?

3-февралда Жогорку Кеңештин отурумунда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек арадан өтүүнү жөнөкөйлөтүү боюнча сунуш айтылды. Бул демилгени  “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери Бакыт Торобаев көтөрдү.

Саясатчы Союздук мамлекет катары эсептелген Россия менен Беларустун ортосундагы чек арадан өтүүнү мисалга келтирди.

«Мен бир мисал келтирейин, Россия менен Беларустун ортосунда чек ара жок. Бизде дагы Казакстан менен чек ара болбошу керек. Россия менен Белоруссия союздук мамлекет деп аталат. Биз дагы бул маселени көтөрүшүбүз керек», - деди ал.

Бакыт Торобаевдин бул билдирүүсү социалдык тармактардын кыргыз сегментинде кызуу талкуу жаратты. Колдонуучулар арасында чек арадан өтүүнү жөнөкөйлөштүрүүнү жактагандар жана ага  ишенбөөчүлүк менен мамиле кылгандар дагы болду.

Азырынча депутаттын бул пикири боюнча Кыргызстандын расмий бийлиги  кандайдыр комментарий же билдирүүлөрдү айта элек. Мүмкүн, учурда өлкө жетекчилиги Казакстандагы трагедиялуу январь окуяларынан кийин кошуна мамлекеттеги абалдын өнүгүүсүнө, бийликтин трансформациясы менен кадрдык өзгөрүүлөргө көз салып жаткандыр.

Менимче, Кыргызстан менен Казакстандын союздук мамлекетке биригүүсүнүн жакшы жактарын айта кетүү максатка ылайыктуу болмок. Биригүү биринчи кезекте экономиканы, тейлөө тармагын, өнөр жай менен өндүрүштү, туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Эки боордош элдин биригүүсүнүн кийинки кадамы болуп  өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү жогорулатуу. 2021-жылдын 10 айында бул көрсөткүч болгону 900 млн.  долларды түзгөн.

Эксперттердин айтуусу боюнча “эки кошуна мамлекет кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн чоң потенциалы бар. Эми аны ишке ашыруу гана калды”.

Казак бизнеси Кыргызстандын базарында азык-түлүк компанияларынан баштап, телекоммуникация,  банктар менен тоо-кен тармагына тийешелүү ишканаларга чейин ишмердүүлүк жүргүзүп жатышат. Өз кезегинде Кыргызстандын сүт жана тигүү тармагынын продукциясы эчак эле Казакстандыктардын сүйүктүү товарына айланган. Пандемияга байланыштуу кыйынчылыктарга карабастан, экономикалык интеграция өзүнүн өсүүсүн жана активдүүлүгүн көрсөтүүдө.

Тактап айтканда, боордош элдин ортосундагы Союздук алаканы ишке ашыруу туризмди, соода – сатыкты өнүктүрүүнү, кошуна өлкөлөрдүн өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга жана ишкердик кызматташтыкты кеңейтүүгө түрткү берет.

Биринчи кезекте демилгенин ишке ашуусу эки өлкөнүн туризм тармагына пайдалуу болот. Белгилүү болгондой, көптөгөн Казакстандыктар жайкысын Ысык-Көлдө эс алууну жана ага жакын жайгашкан курортторго барышат.

Чек арадан жөнөкөйлөтүлгөн режимде өтүү казак жарандарына Кыргызстандын аймагына тоскоолдуксуз өтүүгө жана эркин жүрүүгө мүмкүндүк бермек.

Ошондой эле бул режим биздин жарандарга улам барган сайын саны өсүп жаткан  Казакстандын туристтик жайлары менен борборлоруна барууга мүмкүндүк жаратат. Казакстан үчүн дагы приоритеттүү болгон туристтик тармакты өнүктүрүү менен бирдикте конокторго тейлөөнүн жаңы деңгээлин сунуштоо, кооз жерлерди көрсөтүү жана казак элинин маданияты, каада-салты менен дагы тааныштырууга мүмкүндүк бермек.

Чындыгында, пандемия башталгандан тарта эки жылга жакын убакыттан бери Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек ара карапайым жарандар үчүн жабык. Эми кошуна мамлекетке аба аркылуу гана барууга мүмкүн. Бул  кымбат жана көйгөйлүү маселе. Аталган чектөөлөр туризмди өнүктүрүүгө, кызматташууга менен өз ара пайдалуу соода-сатыкка терс таасирин тийгизүүдө. Учурда чек ара бекеттеринен жүк ташуучу унаалар гана өткөрүлөт.

Кыргызстандын медиаларында чек арадан өтүү процессинде Казакстан жасалма жол менен түзүлгөн бажы тоскоолдуктары тууралуу материалдарды системалуу түрдө кезиктирүүгө мүмкүн.

Бул көрүнүш Казакстандын ЕАЭБ алкагында өзүнө алган милдеттенмелерин толук аткарбай жаткандыгын көрсөтүүдө. Бүгүнкү күндө эки өлкө ортосундагы жети көзөмөл-өткөрүү пунктарынын төртөө гана иштеп жатат. Кыргызстандан чыккан товарлар менен жүктөрдүн негизги агымы Казакстан аркылуу Россияга барат. Аталган татаал кырдаалды эки мамлекеттин жетекчилиги эң жогорку деңгээлде чечүү зарылчылыгы күн тартибине чыкты.

Россия менен Белоруссиянын Союздук мамлекетин мисалга алсак, анын ишмердүүлүгү мамлекеттик органдардан жогору. Союздук мамлекеттин институционалдык системасынын өзгөчөлүгү бул федералдык мамлекеттин ишинин синтези менен эл аралык уюмдардын иштөө механизми сыяктуу структураларды куруу принциптеринин негизинде ишке ашат. Бул принциптер өз көз карандысыздыгын сактоо менен бирикменин артыкчылыктарынан пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Россиянын Федералдык бажы кызматынын маалыматына ылайык,  2021-жылы Россия менен Беларустун ортосундагы товар жүгүртүү өткөн жылга салыштырмалуу 34,4%га өсүп, 38,427 млрд долларды түздү.

Бул көрсөткүч эки мамлекеттин активдүү жана системалуу интеграциясынан кабар берип, алардын экономикасына оң таасирин тийгизет. Ал эми 1 миллиард доллардан бир аз ашкан Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүү абдан аз көрсөткүч.

Учурда Россия менен Беларустун ортосундагы чек арадан өтүүдө эч кандай кыйынчык жок. Кошумча бюрократиялык тоскоолдуктар дагы алынып салынган.  Мындан сырткары, Союздук мамлекет эмгек ресурстарын, товарлар жана кызмат көрсөтүүнү, капитал менен жарандардын эркин жүрүшүн камсыз кылат. Бул көрсөткүч мамлекеттердин интеграциясы менен биригүүсүнүн негизин түзөт.

Казакстан менен Кыргызстандын биригүү процесси буга чейин бир нече эволюциялык этаптарды басып өтүп, өнүгүүсүн улантууда. Заманбап геосаясий жана дүйнөлүк экономиканын реалдуу шарттарында Россия жана Белоруссия сыяктуу бизге деле Союздук мамлекетке биригүүнүн  жаңы деңгээлине өтүү мезгили келди.

Демилге депутат Бакыт Торобаев тарабынан көтөрүлдү. Эми мындай дымактуу интеграциялык долбоорду ишке ашырууга Казакстан менен Кыргызстандын жогорку жетекчилигинин саясий эрки жетеби? Маселе эми ушунда калды...

Эксперт: Кылыч Куталиев