Торобаев Бакыт Эргешович
16 февраль 2022

Бакыт Торобаев ЕАЭБ жөнүндө: «Эмгек мигранттарыбыздын кыйналып жатканын ачык айтууга мезгил жетти».

16-февралда «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев ЕАЭБ өлкөлөрүндө Кыргызстандын жарандары менен ишкерлери туш болгон көйгөйлөр тууралуу айтты.

«Урматтуу спикер, сиз жакын арада Россия Федерациясына барууну пландап жатасыз. Менин билишимче, 24-февралда Акылбек Жапаров да ЕАЭБ алкагындагы өкмөт башчыларынын жыйынына катышат. Биз ЕАЭБге мүчөбүз. ЕАЭБге киргенде төрт эркиндикти алдык. Алар  товарлардын, жумушчу күчтүн, капиталдын кыймылы жана кызмат көрсөтүү. Тилекке каршы, алар жакшы аткарылбай жатат», - деди ал.

Депутаттын айтымында, учурда бул төрт негизги принцип бузулуп, ЕАЭБга мүчө өлкөлөрдө Кыргызстандын жарандарына жана бизнесин жүргүзүүдө  жасалма тоскоолдуктар түзүлүүдө.

Жакында эле Казакстан менен чек арадан өтүүдө кыйынчылыктар жаралып жаткандыгы тууралуу жаңылыктар чыкты. Ишкерлер коңшу мамлекеттин бажы кызматына товарларды негизсиз текшерүүгө, бажы чек арасынан өтүү процессин атайылап создуктуруп жатканына нааразы болушууда.

Төрөбаевдин айтымында, жумушчу күчтөрдүн кыймылына, Россияда жүргөн биздин жарандардын Кыргызстанга акча которуусунда дагы чектөөлөр бар.

«ЕАЭБде биздин эки министрибиз бар. Мурда эч кандай кызматта жок болгондо алар кооз сүйлөшөт эле. Азыр бул эки министрдин үнү угулбайт. Менин билишимче, алардын бири бажы багытында иштейт. Алар бул суроолорду көтөрүш керек. Биздин ишкерлербиз, Россияда жашаган жарандарыбыз эмне үчүн кыйналыш керек? Чектөөлөр боюнча ар бир ишти карап, алар тууралуу ачык айтууга мезгил келди”, - деп жыйынтыктады өз сөзүн парламентарий.

Автор: Мээрим Канатбекова