Жаңылыктар
Укук
Экономика
Маданият жана тарых
Илим жана билим
Экология
Россиядагы кыргызстандыктар
Мекендештер үчүн маалымдама
Бүгүн ЖМКда
Интервью
Эксперттер
Байланыш
Укуктук маалымат
Сайт картасы
Жаңылыктар
Укук
Экономика
Маданият жана тарых
Илим жана билим
Экология
Россиядагы кыргызстандыктар
Мекендештер үчүн маалымдама
Бүгүн ЖМКда
Интервью
Эксперттер
Байланыш
Укуктук маалымат
Сайт картасы
Экономика
7 декабрь 2020
Кыргызстанда ун жыл башынан бери 15,1%га кымбаттады
2020-жылдын тогуз айында республика боюнча ундун баасы 15,1%га жогорулады, ал эми жогорку сорттогу ундун баасы 11,3%га, биринчи сорттогу ундун баасы 17,7%га көтөрүлдү.
5 декабрь 2020
Кыргызстанда бизнести текшерүүгө мораторий 2022-жылга чейин узартылды
Кыргыз бийлиги мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдар тарабынан ишкерлерди текшерүүгө мораторийди 2022-жылдын 1-январына чейин узартты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
5 декабрь 2020
Кыргызстан Кытайдан бери карай темир жолду куруу долбоорун алдыга жылдырууда
Бишкек Евразия Өнүктүрүү Банкын (ЕБР) Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушуна көңүл бурууга чакырат. Мындай сунушту 4-декабрда Кыргызстандын экономика министри Санжар Муканбетов Евразиялык конгресстин жыйыны учурунда билдирди.
4 декабрь 2020
ЕӨБдүн башкы экономисти: Кыргызстанда мам карыз боюнча адекваттуу саясат бар
Евразия Өнүктүрүү Банкынын башкы экономисти Евгений Винокуров Кыргызстанда мамлекеттик карыз боюнча олуттуу нааразычылыктар бар экендигин айтты. Бирок, ал жалпысынан өлкөнүн өкмөтү адекваттуу саясат жүргүзүп жатат деп эсептейт. Анын айтымында, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 2020-жылы көбөйдү жана 2021-жылы дагы көбөйүп, андан кийин ал төмөндөй баштайт.
4 декабрь 2020
Өлкө экономикасы 10 айда пандемиядан улам 7,4% га төмөндөдү
Ушул жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын экономикасында төмөндөө 7,4%ды түздү. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча Координациялык кеңештин кезектеги отурумунда билдирди.
4 декабрь 2020
Референдум өткөрүүгө кошумча 4 миллион сомдон ашык каражат талап кылынат
Бул сумма бюллетендерди даярдоого жумшалат. Референдумга башкаруу формасына байланыштуу эки маселе коюлат: президенттик же парламенттик.
3 декабрь 2020
Социалдык фонд пенсия көбөйө турганын билдирди
Кыргызстандын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары Гүлнура Жуматаева 2021-жылы өлкөдө орточо пенсия болжол менен 250 сомго жогорулай турганын айтты. Төлөмдөрдүн көбөйүшү боюнча суроону парламенттин депутаты Дастан Бекешев берди.
2 декабрь 2020
Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик ченди 5% деңгээлинде сактап калды
Улуттук банктын Башкаруучулугу эсептик ченди 5% деңгээлинде кармоо чечимин кабыл алды. Мекеменин басма сөз кызматы мындай чечим тышкы кырдаалга жана ички экономикалык шарттарга байланыштуу кабыл алынганын билдирди.
1 декабрь 2020
Бишкекте азык-түлүктүн баасын төмөндөтүү үчүн жарманкелер ачылат
Өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Артем Новиков Бишкек шаарынын мэри Балбак Толубаевге шаардын ар бир районунда айыл чарба жарманкесин ачууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
1 декабрь 2020
Кыргызстанда жыл башынан бери азык-түлүк 5,3%га кымбаттады
Жыл башынан бери жалпы республика боюнча азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баа 5,3%га өстү. Ошол эле учурда, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, ушул категориядагы товарлар 1,2%га жогорулаганын Улуттук статистика комитети билдирди.
29 ноябрь 2020
Жыл башынан бери Кыргызстанда 13,1 миң тонна жүн жана 1,4 миллион тонна сүт өндүрүлдү
Ушул жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстан 13,1 миң тонна жүн өндүрдү. Өткөн жылы ушул эле мезгилде жүн өндүрүүнүн көлөмү 12,9 миң тоннаны түзгөн, деп айтылат Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында.
27 ноябрь 2020
Каржы министрлиги кайсы кредиторлор насыяны төлөө мөөнөтүн узартууну убада кылганын билдирди
Каржы министрлиги расмий Бишкек беш мамлекет менен насыяны төлөө мөөнөтүн узартуу боюнча сүйлөшө алганын билдирди. Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабиясы, Германия (KfW, Euler Hermes компаниялары) жана Түркия макул болгон.
27 ноябрь 2020
Кыргызстанда канаттуулар чарбасы өнүктүрүлөт
Кыргызстанда канаттуу чарбасын өнүктүрүү пландалууда. Бролейлер тооктору менен жумуртка өндүрүшүн жогорулатылат. Тактап айтканда, тоокту үй шартында багуу мектеби ачылат.
26 ноябрь 2020
Евразия өнүгүү банкы: 2020-жылы Кыргызстандын ИДПсынын төмөндөшү 7,5%ды түзөт
ЕӨБдүн талдоо борборунун башчысы Алексей Кузнецов Евразия банкы 2020-жылы Кыргызстандын ИДПсы 7,5% төмөндөшүн күтөт деп билдирди. Ошол эле учурда, жылдын акырына карата банктын бардык мүчө-өлкөлөрүнүн ИДПсынын жалпы көлөмүнүн төмөндөшү 3,8%ды түзөт.
26 ноябрь 2020
Кыргыз өкмөтү көмүскө сатылган товарларды азайтууну көздөп жатат
Кыргыз өкмөтү ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо боюнча ишин уланта берет. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
25 ноябрь 2020
Кытайдын карызынын мөөнөтүн узартуу менен Кыргызстан 2,9 млрд сом ашык төлөйт
Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып, карыздын узарып жаткандыгына байланыштуу өлкө Кытайга 2,9 миллиард сомду ашыкча төлөшү керектигин айтты. Ошол эле учурда, бул маселе боюнча консультациялар дагы деле болсо уланууда.
25 ноябрь 2020
2021-жылга карата өлкө бюджетинин тартыштыгы 1,1%ды түздү
Депутаттар «Кыргыз Республикасынын 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда кабыл алышты. Бюджетти премьердин м.а. Артем Новиков тааныштырды.
25 ноябрь 2020
Кыргызстанда кышкы туризмди өнүктүрүүнү пландалууда
Туризм департаменти 2021-2025-жылдар аралыгында Кыргызстанда кышкы туризмди өнүктүрүү концепциясын иштеп чыкты.
24 ноябрь 2020
Кыргызстанда уюлдук байланыш арзандайт
Аталган маселе вице-премьер-министр Равшанбек Сабировдун жергиликтүү уюлдук операторлордун өкүлдөрү менен болгон жолугушууда талкууланды.
23 ноябрь 2020
Улуттук банктын башчысы: Сомдун кескин түшүп кетпеши үчүн бардыгын жасап жатабыз
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов алар сомдун наркы түшпөшү үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын айтты. Анын айтымында, Кыргызстанда валюта курсунун калкып жүрүү режими иштеп жатат. Демек, доллардын жана чет элдик валюталардын курсу суроо-талапка жараша аныкталат. Ошол эле учурда Абдыгулов экономика төмөндөп жатат деп белгиледи. Ошондуктан улуттук валютанын курсу олку-солку болуп жатат. Валюта рыногунда акыркы эки айда сомдун курсун турукташтыруу үчүн Улуттук банк болжол менен 100 миллион доллар саттыкка чыгарганын ал баса белгиледи.
Назад
1
2
3
4
Вперед