4 декабрь 2020

#ВирустуБиргеЖеңебиз

2020-жылы жазында кыргызстандыктардын жашоосуна жаңы сөз кеңири тарады — ыктыярчы. Тагыраагы, ушул эски сөздүн жаңы мааниси.

1990-жылдары ыктыярчыларды айылдарга түшүнүксүз максат менен келген чет элдиктер деп түшүнүшкөн. Жергиликтүү тургундар — кээ бири тамашалап, кээ бири олуттуу — аларды жарым тыңчы жана үйрөнчүк мугалим деп эсептешкен. Совет мезгилинде, алар ыктыярчы деп алыскы Африкада кай бир иш менен алектенген адам, же макулатура, же башка нерселерди чогултуу үчүн кезектеги ишембиликтин катышуучусу деп ойлошкон. Бирок, COVID-19 пандемиясы бизге ыктыярчылар кыймылынын чыныгы маанисин ачып берди.

«Википедияга» таянсак, ыктярчылык иши — бул «акчалай компенсацияны күтпөстөн, өз ыктыяры менен жалпы коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн жардамдашуу, акча чогултуу, кызмат көрсөтүү жана жарандык катышуунун башка түрлөрү».

Ошентсе да, бул тажатма аныктама. Ыктыярчыларга мүнөздөмө берүүнү жөнөкөй сөздөр жеткире албайт.

Пандемияга чейин ыктыярдуу кыймылдар жана фонддор жардам чогулткан учурларда гана белгилүү болгон. Көбүнчө аларды капчыктуу адамдар менен байланыштырышкан. Көпчүлүк жарандар ыктыярчы деп эч нерсеси жок, жашоосу зеригиштүү кишилерди да элестетип алышат.

Биздин ыктыярчылардын жардамында алар чындыгында бош эмес адамдар экендигин билдик. Дээрлик бардыгы окушат же иштешет. Көпчүлүгүнүн үй-бүлөсү жана балдары бар. Булар ар кандай курактагы, жынысы, улуту, билими түрдүү адамдар. А бирок, алар башкаларга окшобойт! Дем алыш күндөрү, бош кезинде достору менен сыра ичүү үчүн мончого, кафе же ресторандарга барышпайт, диванды «ээлешпейт», киного дагы барышпайт. Алар жеке убактысын кыйналган адамга жардам жумшашат. Алар бейтааныш адамдын мүлкүн, ден-соолугун жана өмүрүн коргоо үчүн өз өмүрүн жана ден-соолугун тобокелге салууга даяр.

Координаторлор жана уюштуруучулар жөнүндө өзүнчө сөз кылуу керек. Ыктыярчы өзүнүн графигин түзүп, өзүнө эс алуу күнүн тандайт. Ал эми координаторлор топтун жанында ар дайым болуш керек — жумасына жети күн, күнү-түнү.

Кыргызстандагы эң белгилүү инсан Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарованын дагы ыктыярчылык менен алектенип жатканы жагымдуу көрүнүш. Октябрь окуяларына чейин ал жардамга муктаж адамдарга ар тараптуу жардам көрсөтүп, ноябрда COVID-19 экинчи толкуну учурунда пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү үчүн ыктыярчыларды чогултту.

Баса, жакшы жаңылык — Бишкекте 80 орундуу ыктыярдуу оорукана ачылат. Бишкектеги медициналык мекемелерде орун жетишсиз болсо, коронавирус же пневмония менен ооругандарды бул жакка алып келүүгө болот.

«Википедия» авторитеттүү энциклопедия болсо керек... Бирок кыргыздар Ыктыярчы дегени мүнөздөмөсү чоң тамга менен жазылган адам экендигин так билишет. Ал кайдыгер эмес жана чоочун адамдарга чын жүрөктөн жардам берүүгө даяр, ал эми жарандыгы, улуту, байлыгы жана жаш курагы эч кандай мааниге ээ эмес.

Канимет Назаров, саясат таануучу.

Канимет Назаров
Канимет Назаров