23 ноябрь 2020

Капиталдык мунапыс: Бизнес менен диалогдун башаты

Бир ай мурун, ушул жылдын 21-октябрында, Кыргызстанда капиталдык мунапыс башталды. Мунапыс берүү демилгесин көтөргөн президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров мындай өнөктүктүн зарылдыгын бюджеттин ордун толтуруу, мурда мамлекеттен сыртка мыйзамсыз экспорттолгон капиталды кайтарып берүү (анын ичинде оффшордук зоналарга) жана бизнес коомчулугунун ресурстарын укуктук нукка киргизүү ниети менен түшүндүрдү. Мындан тышкары, бардык ишкердик субъектилерине бирдей шарттарды түзүү, мыкты макроэкономикалык көрсөткүчтөргө жетишүү жана өлкөнүн тышкы карызын төлөөнү камсыз кылуу жөнүндө айтылды.

«Акыркы 30 жылда энергетика, бажы жана салык кызматтары, фармацевтика, лицензиялоо, жер казынасын пайдалануу жана башка тармактарда тутумдук коррупциялык схемалар гүлдөп-өнүгүп келе жатат. Ушуга байланыштуу, мен коррупцияга жана мыйзам бузууларга катышкан, салык төлөөдөн качкан мурдагы жана учурдагы чиновниктерге 30 күндүн аралыгында, мыйзамсыз алынган мүлк жана капитал жөнүндө чыныгы маалыматты ачыкка чыгарууну айткам. Бул мүмкүнчүлүктү пайдаланбагандарга мыйзам чегинде эң катуу чаралар көрүлөт. Экономикалык мунапыс бир гана жолу колдонулат», — деди ал.

Ар кандай изилдөөлөргө ылайык, акыркы жылдары Кыргызстанда көмүскө экономиканын көлөмү 23,6%дан 53,5%га чейинки көрсөткүчтү түзөт. 2017-жылы өлкөнүн Улуттук статистикалык комитети республикада көмүскө экономиканын көлөмү 23,6% түзөт деп билдирген. Бир жыл мурун, 2016-жылы Эл аралык Валюта Фонду көмүскө экономиканын көлөмүн 30% деп баалаган. Дээрлик ушул эле көрсөткүч 2015-жылы алынган Leandro Medina and Friedrich Schneider эсептөөлөрү боюнча республиканын көмүскө экономикасынын көлөмү 30,8% түзгөн. 2012-жылы, Инвестициялык тегерек столдун маалыматы боюнча, көмүскө экономиканын көлөмү 39% түзгөн.

2020-2022-жылдарга карата бюджеттик угууларда. республиканын Экономика министрлиги жарыялаган көрсөткүчкө таянсак, ИДПнын жалпы көлөмүнүн 24%. MIMIC моделдик ыкмасына негизделген SIAR research & consulting тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдө ИДПдан көмүскө экономиканын көлөмү 42% түзөт. Мунун бардыгы мурунку бийликтер бул көрүнүшкө олуттуу маани бербегенинен кабар берет.

Бирок көмүскө экономиканын эң төмөнкү пайызын алсак дагы, бул кирешесинин деңгээли жумшак айтканда, төмөн деңгээлдеги өлкөнүн ИДПсынын төрттөн бир бөлүгү. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстандын ИДПсы 7,97 миллиард долларды гана түздү, демек көмүскө экономиканын көлөмү дээрлик 2 миллиард доллар болду. Айтмакчы, ошол эле 2018-жылы эмгек мигранттарынан 2,6 миллиард доллар келген. Бир жыл мурун Кыргызстан ИДПга салыштырмалуу акча которуулар жаатында дүйнөдө биринчи орунда болгон.

Демек, көмүскө экономиканын төрттөн бир бөлүгү да мамлекет үчүн олуттуу сыноодон ашып түшөт, COVID-19 пандемиясынын шартында жалпы глобалдык кризистин фонунда ого бетер сыноо. Учурда ар бир бешинчи кыргыз жараны жакырчылыктын чегинде жашайт жана бюджеттин тартыштыгы күн сайын көбөйүүдө.

Ошондуктан экономикалык мунапыс кыргыз бийлиги тарабынан мамлекеттик бюджетти толтуруунун эффективдүү варианты катары каралууда. Баса, мунапыс эч качан кыргызча ноу-хау эмес. Дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрү буга чейин мындай кадамдарга барышкан, анткени көмүскө экономика — бул бүткүл дүйнөлүк балээ. Дүйнө жүзү боюнча көмүскө экономиканын негизги компоненттери салык органдарынан жашырылган кирешелер жана расмий эмес эмгек, биринчи кезекте айыл чарбасында. Көмүскө сектордун пайда болушунун жана өсүшүнүн негизги себептери — бул улуттук экономиканын кризистик абалы жана туруксуз саясий кырдаал.

Профсоюздардын Жалпы Конфедерациясы Кеңешинин баяндамасында 1960-жылдардын башында көмүскө иш-чаралар глобалдык экономиканын 5,6% гана түзгөн, деп айтылат. 2010-жылдардын аягында Дүйнөлүк ИДПнын 33% дан ашыгы, же 39 триллион доллар көмүскөдө катылып келген. Өнүккөн өлкөлөрдө дагы көмүскө сектордун саны өсүүдө, мисалы, өткөн кылымдын ортосунан бери Швециянын ИДПсындагы көмүскө ишмердүүлүктүн үлүшү 11 эсе, Германиянын ИДПсында — 8 эсе көбөйгөн. Бүгүнкү күндө көмүскө сегмент дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн экономикасында орун алган, бирок пайыздар башкача: ИДПнын 60% дан ашыгы — Зимбабведе жана Боливияда, 10-15% — АКШда, болжол менен 18% — Европа Биримдигинде.

Капиталга мунапыс берүүнүн натыйжалары дүйнө жүзү боюнча ар кандай. Мисалы, Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга өз жарандарына берген 49 күндүн ичинде оффшордук компаниялардан бир дагы котормо жасалган эмес. Казакстандагы акыркы мунапыс 2016-жылы казына кирешесин 4 миллиард теңгеден ашык каражатка толтурган. Россиянын 2018-жылдагы мунапысы 10 миллиарддан ашуун еврону кайтарып берди.

Кыргызстанда экономикалык мунапыс мурда да жарыяланган; акыркы 13 жылда бийлик ак ниетсиз салык төлөөчүлөр менен байланышууга төрт жолу аракет кылган, анын үстүнө бул иш-чаралар киреше декларациясын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү каттоону камтыган. Биринчи эки өнөктүк иш жүзүндө натыйжа берген жок, үчүнчүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө эч нерсе айтылбайт. 2013-жылы бул өнөктүк бюджетке 450 миң сом гана киреше алып келген, же ошол кездеги доллардын курсу боюнча 10 миң долларга жетпеген акча түшкөн.

Садыр Жапаров жарыялаган мунапыс убактысынан жарымы өткөндө, өлкө бюджетине 382,5 миллион сомдон ашуун же 4,5 миллион доллар түштү.

Ошол эле учурда, эксперттер мунапыс берүү мөөнөтүн узартуу керек деп эсептешет, анткени коомдо ушул процессти так түшүнүү жок. Азырынча кыргыз эли капиталдык мунапысты саясий жана олигархиялык элитаны чайкап, «олжону» бюджетке кайтаруу жолу катары кабыл алышты. Өлкөнүн региондорунда учурдагы президенттикке талапкер Садыр Жапаровго болгон ишеним, «Робин Гуддун» белгилүү бир образына шайкеш келет, ал байлардан каражатты кедей-кембагалдарга таркатуу үчүн алат.

Бирок бул жерде мунапыстын ийгилиги алынган каражаттарды максаттуу пайдаланууда экендигин түшүнүү керек. Бюджеттик тешиктерди жамоо жетишсиз, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонуу зарыл. Мисалы, Түркия кайтарылган каражаттарды чет элдик инвестициялык долбоорлорго жолдоо менен экономикалык секирик жасай алган. Мындан тышкары, өлкөдө, эксперттердин пикири боюнча, ар кандай долбоорлорго бир топ жашыруун каражаттар жумшалат жана бул суммаларды легалдаштыруу дагы бир топ дивиденддерди алып келиши мүмкүн.

Учурда бийлик чиновниктерге жана ишкерлерге мунапыс жарыялап, аларга көмүскөдөн чыгып, легалдашууга жана ири бизнести түзүүгө мүмкүнчүлүк берип жатат, мындай тажрыйба учурда өлкөдө дээрлик жок. Башаттык аракет бар. Бүткүл өлкөнүн келечеги чындыгында бийликтин бизнес менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнөн жана мунапыс берүүнүн жүрүшүн, натыйжаларын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнөн көз каранды.

Марина Гречанная
Марина Гречанная журналист