24 ноябрь 2020

АКШ Кыргызстандагы шайлоону каржылоого даярдыгын жарыялады. Ордуна эмне көздөйт?

Кыргызстанда шайлоо жараянынын биринчи этабы аяктады. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 65 адамдан талапкерлерди өлкөдөгү жогорку мамлекеттик кызматка көрсөтүү үчүн арыздарды кабыл алды. 16 талапкер шайлоо жарышынан чыкты. Калгандардын баары эле марага жетет дегенге болбойт. Президенттикке талапкерлер кыргыз тилин билүү боюнча сынактан өтүп, 3-декабрга чейин бир миллион сом шайлоо күрөөсүн төлөп, кол топтоо баракчаларын чогултушу керек. Ар бири кеминде 30 миң шайлоочуну колдогон кол тамгаларды көрсөтүшү кажет.

Кыргызстанда кезексиз президенттик жана кайталап парламенттик шайлоо бюджеттин тартыштыгынын жана пандемиянын шартында өтүүдө. Жагдай мамлекеттик казынага олуттуу сокку урган, ушул жылдын жазында жалпы карантинге байланыштуу иш токтоп калган. Айрым ишкерлер дагы деле толук кандуу жумушка өтө албай, жоготкон зыянды калыбына келтире албай жатышат. Республикада азык-түлүктүн баасы өсүүдө. Азыркы бийлик бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине айлык акыларды, пенсияларды жана социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн үзгүлтүксүз төлөө маселеси менен алек. Тышкы карызды төлөө мөөнөтү аябагандай жакындап келатат. Кайрадан күздүн башталышы менен күчөгөн пандемияга каршы күрөшүү үчүн каражат керек. Кыскасы, көйгөйлөр жетиштүү. Ошондой эле чыгымдар дагы. Ал арада шайлоо. Чыгаша көп. Борбордук шайлоо комиссиясынын бекитилген эсеби боюнча, президенттик шайлоонун өзүнө эле 549 ​​миллион сом керектелет.

Республика башынан өткөрүп жаткан ушундай оор кырдаалдын фонунда АКШ Кыргызстандагы маанилүү саясий мамлекеттик иш-чараларды колдоо сунушу менен чыкты.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги АКШ өкмөтүнүн алдындагы президенттик жана парламенттик шайлоолорду «Кыргызстандын демократиялык стандарттарына жана мыйзамдарына ылайык» өткөрүүгө каржылык жардам көрсөтүү ниетин билдирди. Дипломатиялык өкүлчүлүк Америка «кыргыз элине колдоо көрсөтүү белгиси катары» кол сунуп жатат деп түшүндүрдү.

Азыркы шарттарда кошумча миллиондор (так сумма азырынча атала элек) Кыргызстан үчүн пайдалуу болору анык. Суроо башка. Келечекте республика «кайрымдуулукту» кантип төлөп бериши керек?

Эксперттер буга чейин ири геосаясий оюнчулар тарабынан акча бөлүүнү өлкөнүн ички саясий ишине кийлигишүү катары карашат, бул чындыгында кабыл алынгыс. Бул ошондой эле саясий кырдаалдын курчушуна алып келиши, тышкы оюнчулар жеке кызыкчылыктарында пайдаланып, окуяларды өзүлөрү үчүн туура багыттап, ал тургай, эгемендүүлүктү жоготуп алуу коркунучуна кептеши ыктымал.

Дагы бир жагдай, Кыргызстан менен ар кандай тармактарда эки тараптуу келишимдер бекем байланышкан Россиядан айырмаланып, АКШ менен гуманитардык кызматташтык жөнүндө денонсацияланган келишимге кол коюла элек. Сүйлөшүүлөр уланууда. Америка Кошмо Штаттарынын «шайлоо алдындагы жардамды» көрсөтүү жөнүндө билдирүүсү өнөктөшкө болгон мамилесин көрсөтүп, алардын жүрүшүнө таасир этүү аракети менен байланыштуу болушу мүмкүн. Акыр-аягы, бул Россияны «кысып», Кыргызстандагы өзүнүн таасирдүү «ордун» ээлөөгө умтулуу дагы болушу мүмкүн.

Бир нерсе түшүнүктүү. Башка жагдайлар менен катар, республиканын түштүгүндө этностор аралык жаңжалдын курчушуна алып келүү коркунучун туудурган кырдаалды бузбоо үчүн, өлкө жетекчилиги тышкы оюнчулардын аракеттерине сергек жана өтө этият мамиле кылышы керек. Садыр Жапаров шайлоого катышуу үчүн убактылуу кызматынан кетээрден мурун анын түштүк аймактарына шашылыш сапары — ээн-эркин отура берүү мүмкүн эместигин көрсөттү.

Ошол кездеги мамлекет башчы учкундарды өчүрүп, кырдаалды нормалдаштырууга жетишти. Эми ушул позицияны сактап калуу, тынчтык жана саясий туруктуулук шартында таза шайлоо өткөрүү маанилүү. Бул Кыргызстандын ийгиликтүү келечегинин ачкычы болот.

Мирлан Туменбаев

Мирлан Туменбаев
Мирлан Туменбаев эксперт