7 декабрь 2020

Жакшылык эпидемиясы: Кыргызстандагы ыктыярчылардан мамлекетке көмөгү

Ыктыярчылар күнү, башкача айтканда, Эл аралык ыктыярчылар күнү 5-декабрда дүйнө жүзүндө белгиленди. Бул күн муктаж болгондорго жардам колун сунуу үчүн күчүн жана убактысын аябаган миңдеген кыргызстандыктардын да майрамы.

Кыргызстандагы ыктыярчылар кыймылы өлкө үчүн эң оор мезгилде, мамлекет көмөкко муктаж болуп калганда жигердүү өнүгө баштады.

Коронавируска байланыштуу ушул жылдын март айында республикада жарыяланган жалпы эки айлык карантин маалында ыктыярчылар ыкчам аракет көрө башташты. Чектөөлөрдүн кесепетинен күнүмдүк кирешесинен ажыраган жакыр үй-бүлөлөр кыйынчылыктарга дуушар болушкан. Ыктыярчылар өз-өзүнчө же топ-тобу менен тамак-аш, дары-дармек жана жуугуч каражаттарга акча чогултуп,аларга «гуманитардык жардам» жеткиришти. Ондогон үй-бүлө ачкачылыктан куткарылды...

Коронавирус эпидемиясынын жайкы жайылышы учурунда кыргыз эли ого бетер сыноолорго туш келишти. Эки айлык карантин жарыялаган мурунку бийлик Бишкекти каптаган күчтүү жугуштуу толкунга толугу менен даяр эмес болчу. Кыйналган бейтаптарды толуп калган ооруканаларга жаткыруудан баш тартышты, тез жардам кызматы чакыруу болгон жерге убагында жетүүгө үлгүрбөй калды, вирустук пневмонияны дарылоо үчүн өтө маанилүү дары-дармектер жетишсиз болду. Элдин баары кымбат баада сатылып жаткан дары-дармектерди издеп, дарыкана кампаларында эбегейсиз кезектер пайда болду.

Бир нече аптага созулган оор кырдаалда ыктыярчылар жардамга келишти, алар күчүн, акчасын жана убактысын аяшпастан, катуу оорулуу бейтаптарды ооруканаларга жеткиришти. Кычкылтек концентраторлорун, дары-дармектерди табууга жана сатып алууга кол кабыш кылышты... Башкалардын ден-соолугу үчүн өз өмүрлөрүн курмандыкка чалышты. Кыргызстандын тарыхында, «кызыл зонада» ковид менен ооругандарды куткарып, өзү коронавирус инфекциясын жуктуруп каза болгон кыз, медициналык академиянын 21 жаштагы студенти, ыктыярчы Адинай Мырзабекованын ысымы түбөлүккө калат.

2020-жылдын октябрь окуялары. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон миңдеген кыргызстандыктар 5-октябрда Ала-Тоо аянтына чыгышты. Бишкектеги нааразычылык маанайы өкмөттүн алмашуусуна алып келди. Дагы бир жолу, мурунку жетекчилик кырдаалды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн жоготуп, дагы деле болсо мыйзамдуу кырдаал түзүлбөгөн кыйынчылыктуу өткөөл мезгилде талап-тоноочулукка жол бербөө үчүн, ыктыярчылар борбор шаарда жана өлкөнүн башка аймактарында тартипти коргоого чыгышты.

Кыргызстанда ыктыярдуулук «көмүскө мүнөзгө ээ» деп эсептеген экс-президент Сооронбай Жээнбеков кандай гана сөз айтпасын, бир нерсе четке кагылгыс: мамлекет жарандардын ыктыярдуу жардамына муктаж.

Ыктыярчылардын саны улам өсүүдө, алардын катарына карапайым кыргызстандыктар дагы, өлкөнүн таанымал жүздөрү дагы кирет: активисттер, шоу-бизнестин өкүлдөрү, саясатчылар. Алар PR же саясий упай үчүн иштешпейт. Себеби абийир ага жол бербейт. Октябрдагы жапырт митингдерде адилетсиздикке каршы чыккан жаш жигиттерге да ошол эле кебелбес принциптер багыт берген.

Бүгүнкү күндө мамлекеттин милдети — алардын баатырдыгын баалоо. Негизгиси, эң маанилүүсүнө көңүл буруу — саламаттыкка көмөктөшүү. Расмий жооптордун жана куру сөздүн артына жашынбай, өзүңүз үчүн жоопкерчиликти сезип, чукул маселелерди чечип алыңыз.

Президенттикке талапкерлердин бири — Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова буга өрнөктүү мисал көрсөттү. Жолдошу Кыргызстандын президентинин милдетин аткарып турганда, биринчи айым 5-6-октябрь күндөрү аянттагы митингди күч менен таркатуу учурунда жабырлануучуларды дарылоого жардам берди, ал кезде жүздөгөн адам жараат алган, айрымдарына бир нече жолу операция жасоо керек эле.

Күйөөсү саясат менен алек болуп жатканда, ал акырындык менен жакшы иштерди жасай берди — коронавируска каршы күрөшүүдө, анын ичинде 80 керебеттүү ыктыярдуу оорукананы ачуу маселесинде ыктыярчыларды колдоду. Ал бардык зарыл болгон медициналык жабдуулар менен, анын ичинде жасалма дем алдыруучу аппараттар менен камсыздалат.

Албетте, майданда жалгыз адам жоокер эмес. Бүтүндөй армия жаңы кыйынчылыктарга каршы турса, жакшы болот. Согушкерлер душман менен жалгыз калбай, күчтүү колдоого ишенсе, андан да жакшы.

Михаил Салихов
Михаил Салихов