14 ноябрь 2020

Кыргызстандын жаңы бийлигинин криминал менен күрөшүүсүнө карай

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаровдун берген сөзүнө ылайык коррупцияга шектелип кармалгандардан сырткары криминал менен дагы күрөш башталды. Акыркы убактарда уюшкан кылмыштуулук өлкөнүн экономикалык жана саясий турмушуна билинерлик таасир берип келген. Коомдук-саясий чөйрөдө аткаминерлер менен депутаттарга жергиликтүү кылмыштуу топтор тарабынан кысым болгону бир нече белгиленип келген. Айрымдары тигил же бул уюшкан кылмыштуу топтордун катарында өздөрүнүн лакап аттары менен мүчө экени ачык эле айтылып келген.

Жаңы бийликтин бул багытта жүргүзүп жаткан саясатына сын-пикирлердин болгонуна карабастан бул жаатта реалдуу аракеттер менен коомдун колдоосу бар. 22-октябрда өлкөдөгү эң ири уюшкан кылмыштуу топтун лидерлеринин бири, «Коля Кыргыз» деген лакап ат менен белгилүү Камчы Көлбаев кармалды. Ал бир гана Кыргызстанда эмес, башка мамлекеттерде дагы таанымал. Эки жыл мурун 2018-жылы октябрда Россиянын укук коргоо органдары тарабынан ага РФтин аймагына кирүүгө тыюу салынган. Камчы Көлбаевдин жана жергиликтүү олигарх жана кыргыз бажысынын көмүскө башчысы болгон Раим Матраимовдин кармалышы коом тарабынан жылуу кабыл алынган.

Кыргызстандын башчысы өз билдирүүсүндө эл менен бизнести анын ичинде чет элдик инвесторлорду коргой турганын айтып сөз берип келет. 6-7-октябрда ар кандай криминалдык топтор тарабынан башкарылган топтор кен иштеткен аймактарга кирип барып, ал жактагы курулуштарды талкалап, чет элдик кызматкерлердин өмүрүнө коркунуч жаратканын эске алганда булардын бардыгы маанилүү. Коркутууларга Ысык-Көлдөгү ири курорттук-санаториялардын басымдуу бөлүгү кабылган.

Массалык нааразычылыкка жамынып, өлкөдөгү бизнес объектилерине салык салышкан. Мунун бардыгы өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугуна сокку урууда.

Ушул жагдайдан улам өлкөнүн жаңы бийлиги уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү үчүн ыкчам жана эффективдүү системаны иштеп чыгууга умтулууда. Бул жерде уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы барларды гана жоопко тартуу боюнчасөз болгон жок. Мамлекет башчысынын 21-октябрда жарыялаган экономикалык амнистиясы боюнча көмүскө капиталды башкарган жана кылмыш чөйрөсүнө тиешеси барларга «уурдаган» акчасын ыктыярдуу түрдө мамлекеттин бюджетине кайтарып, реаблитация болууга жаңы мүмкүнчүлүк берилди. Мындай чечим мамлекеттик казынанын критикалык (эгер катастрофалык болбосо) абалга кептелгенинен улам кабыл алынган. Мындай сунуш уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү тарабынан кандай кабыл алынарын көрө жатарбыз.

Азыр өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтор менен эффективдүү күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган мыйзам базасы түзүлө электиги айдан ачык. Азырынча бул нерсе президенттин милдетин аткаруучу жана башка ведомстволордун жетекчилеринин сүйлөгөндөрү, кайрылуулары жана аракеттери менен тең салмактанып турат. Мисалы УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен Финполициянын жетекчиси Сыймык Жапыкеев бүгүнкү күндө уюшкан кылмыштуулукка жана көмүскө кирешелерге каршы күрөшүүдө негизги күчтү көрсөтүшүүдө. Белгилей кетүүчү нерсе, эксперттер Садыр Жапаров жөнүндө сөз болгондо анын криминалга такыр тиешеси жоктугуна басым жасашууда. Ал абакка саясий куугунтуктоодон улам камалып, саясий туткун болгон.

5-октябрда башталган массалык демонстрациялардан кийин өскөн криминал жаңы бийликти олуттуу түрдө тынчсыздандырат. Анткени бийлик бул көрүнүшкө каршы күрөштү оптималдаштырууга аракет кылууда, ошол эле кезде жакынкы 100 күндүн ичинде натыйжа берүүгө умтулууда.

Бул милдеттенмелер тышкы деңгээлде дагы актуалдуу: өлкөнүн алдында укуктук талаа менен алдыга жылып жана бийликтин легитимдүүлүгүн таануу максаты турат. Мамлекеттин жетекчилиги Россия менен бардык тармактар боюнча анын ичинде дал ушул багыт боюнча дагы мамилени илгерилетүүгө болгон аракетин жумшап жатат.

Азыр эки тараптуу келишимдердин пакетин түзүү маселеси каралып жатат, бул кылмыштуу элементтердин бир өлкөдөн экинчи өлкөгө өтүшүнө ишенимдүү жол түзөт.

Марат Казакпаев, эксперт

Марат Казакпаев
Марат Казакпаев политолог