10 декабрь 2020

Кыргызстандагы орус тили: чөкмө из калды

Кыргызстандагы орус тили — акыркы эки жумада Конституциялык конференциянын чегинде кайрадан талкууланган тема. Орус тилин расмий макамдан ажыратуунун демилгечиси — Садирдин Төралиев. Ал ар кандай ачууланган жоопторду угуп, кечирим сурап, сунушунан баш тартты. Коомчулук тил маселесин ушунчалык терс кабыл алгандыктан, Жогорку Кеңештин төрагасы дагы, бир катар саясатчылар дагы тезинен орус тилин коргоого аргасыз болушту.

Тилдин макамы дагы бир жолу ордунда калды. Себеби, иш жүзүндө орус тилин эгемендүүлүктүн башталышынан бери эле кыргыз тилине каршы коюлуп келет. 2001-жылы «Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө» Мыйзамга да кол коюлуп, анын биринчи беренесинде эле орус тили мамлекеттин коргоосунда, улуттар аралык баарлашуунун тили жана республиканын дүйнөлүк коомчулукка интеграцияланышына өбөлгө болот деп айтылган.

Россия Федерациясынын Билим берүү жана илим министрлигинин Социологиялык изилдөө борборунун маалыматы боюнча, учурда орус тили таралышы боюнча дүйнөдө онунчу орунда турат, ал 27 мамлекетте колдонулат. Эксперттердин айтымында, СССР кулагандан кийин орус тилин үйрөнгөн же сүйлөгөн адамдардын саны бир топ азайган. Мисалы, 1990-жылдары Чыгыш Европада 38 миллион адам орус тилин билсе, учурда 8 миллион гана адам бар. Мурунку советтик республикаларда орус тилдүү калктын саны 119,5 миллиондон 82,5 миллионго чейин кыскарган.

Ошол эле мезгилде АКШда, Канадада, Австралияда жана Жаңы Зеландияда орус тилин билгендердин саны 1,2 миллиондон 4 миллионго чейин өскөн.Орус тилдүү калктын өсүшү уланууда. Ушул эле Социалдык Изилдөө Борбору 2025-жылга чейин дүйнө жүзүндөгү калктын 8 миллиардынын ичинен орус тилин билгендердин үлүшү 2,7% же 215 миллион адам болот деп болжолдоодо. Алты миллион эли бар Кыргызстанды интеграциялоого мүмкүнчүлүк жокпу?

Эң башкысы, өлкөнүн акыл-эстүү элитасын Кыргыз Республикасынын өнүгүшү үчүн орус тилинин маанилүүлүгүнө ынандыруунун кажети жок. Мисалы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим жана инновация боюнча кеңештин мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор Замира Дербишева орус тилинин өлкөнүн билим берүү тутуму үчүн маанисин так көрсөтүүдө:

«Орус тили өз статусунан ажыратылат деп элестетип көрөлү. Мен 40 жылдан ашуун убакыттан бери университет тутумунда иштеп келе жаткандыктан, бийликтин буйругу менен ЖОЖдор кыргыз тилине өтө албайт деп жоопкерчиликтүү айта алам. Мунун себеби объективдүү факторлорго байланыштуу: университеттердин дээрлик баардык илимий-методикалык адабияттары (айрыкча гуманитардык эмес адистиктер боюнча) орус тилинде бар жана анын үстүнө ал (орус тилдүү интернетте, орус басмаканаларында) тынымсыз жаңыланып турат. Ал эми кыргыз тилинде минималдуу билим берүү, илимий, методикалык база дагы эле түзүлө элек. Ал эми аймактардан келген жаштардын көпчүлүгү кыйынчылык менен болсо дагы, орус тилинде билим алууну туура көрүшөт. Алар орус тилин билүү менен келечектеги максаттарын ишке ашырууда көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр бар экендигин түшүнүшөт».

Кыргыз Республикасынын «Пикир» Регионалдык Эксперттер Клубунун координатору Элмира Иманалиева «Кыргызстандын жана ЕАЭБдин билим берүү мейкиндигиндеги орус тилинин ролу» аттуу тегерек столдо сөз сүйлөп, «бүгүнкү күндө ЕАЭБдин алкагында, орус тили экендигин эске алуу менен, орус тилин билүүгө болгон муктаждык жогорулап баратканын белгиледи. Орус тили — Евразиялык ассоциациянын алкагындагы байланыш. Кыргызстандагы орус тили ар дайым улуттар аралык баарлашуунун тили катары гана кызмат кылып келбестен, ал аркылуу республиканын дүйнөлүк илимий жана маданий баалуулуктарга, ошондой эле дүйнө жүзү биздин өлкө жөнүндө билүүгө мүмкүнчүлүк алууга инструмент болгон».

Саясий деңгээлде алар орус тилинде спекуляция жүргүзүүнү жакшы өздөштүрүштү. Бул Орто Азиядагы жана КМШдагы орус тилдүү мейкиндикти сактап калууга кызыкдар болгон Россиядагы артыкчылыктар үчүн. Бул шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн, жаштардын арасында жарма патриоттук сезимди калыптандыруу, актуалдуу көйгөйлөрдөн — өнөр жайды жана айыл чарбасын өнүктүрүү, дүйнөлүк рынокко чыгуу, заманбап технологияларды күнүмдүк турмушка киргизүү сыяктуу жакшы сөздөр менен алаксытуу. А чындыгында туура чакырыктардын негизинде кыргыз тилин өнүктүрүү зарыл. Орус тили менен алышпай, кыргыз тилинин илимий-методикалык базасын түзүү керектиги, аны бардык каалоочулар жеткиликтүүлүгүн камсыздоо зарылдыгы турат. Көп тилдүүлүк маселеси мектепке чейинки билим берүү тармагында да зарыл болуп турган кез.

Анын үстүнө, чындыгында Кыргызстанда орус тилдүү мейкиндик Бишкектин чегине чейин кыскарды. Баса, өлкөдө орус тилин текшилөө параллель жүрүп, ал барган сайын эмгек мигранты болуу мүмкүнчүлүгү катары кабылданууда.

Ошол эле учурда, Кыргызстандагы мамлекеттик жана расмий тилдер жөнүндө сөз кылышканда, башында бул түшүнүктөрдүн кандайдыр бир түшүнбөстүгү байкалат. Өткөн кылымдын ортосунда эле ЮНЕСКО «мамлекеттик тил» жана «расмий тил» түшүнүктөрүн бөлүп салууну сунуш кылган.

Мамлекеттик тил — бул «саясий, социалдык жана маданий чөйрөлөрдө белгилүү бир мамлекеттин алкагында интеграциялык функцияны аткарган» тил, мамлекеттин символу. Расмий — мамлекеттик башкаруунун, мыйзамдардын жана сот өндүрүшүнүн тили. Бирок бүгүн «бардыгы Облонскийлердин үйүндө башаламан» ...

Баса, дүйнө өлкөлөрүнүн дээрлик 40%ында (жана дүйнөлүк экономиканы жетектеген көптөгөн өлкөлөрдө) мамлекеттик жана расмий тил такыр жок — башкача айтканда, аларда бул түшүнүк мыйзамдуу түрдө бекитилген эмес. Анын ичинде Швеция, Германия, Япония, АКШ бар.

Ооба, ооба, Америка Кошмо Штаттарында англис тили расмий тил болуп саналбайт — ал жерде андай статус жок. Штаттарда англис тилине ушул макамды берүү боюнча бир нече жолу аракеттер жасалды, бирок натыйжа болгон жок. Англис тили 27 штатта мамлекеттик тил деп таанылган, бирок аны менен катар башка тилдер ар кандай статуста колдонулат. Мисалы, Аляскада англис тилинен тышкары дагы 20 тил расмий тил катары мыйзамдаштырылган.

Швейцариянын таптакыр өз тили жок, төрт тил бир маалда мамлекеттик тил статусуна ээ. Эң кеңири тараганы немис, андан кийин француз жана италян, эң кичинеси ретороманс (италян тилине жакын, сүйлөгөндөр Швейцарияда жана Италиянын түндүгүндө жашашат).

Индиянын эки мамлекеттик тили — хинди жана англис тилдери бар. Дагы 22 тил расмий статуска ээ, ар кайсы штаттарда алар ар кандай административдик максаттарда колдонулушу мүмкүн.

Мындай мисалдар көп. Дүйнөдө бир нече мамлекеттик жана расмий тилдерди жарыялаган көптөгөн өлкөлөр бар.

Тил илими менен экономикалык процесстердин өз ара байланышын изилдеген илим — тилдин экономикасы бар. Россиянын Экономикалык мектебинин президенти Шломо Вебер өзүнүн эмгектеринин биринде «биз баарыбыз бир тил менен туулабыз (адатта) биз баалаган бир тил менен, бирок бизде кеңейип жаткан дүйнөдө жашап кетүү үчүн башка тилдерди үйрөнүүгө экономикалык жана маданий стимулдар бар» деп жазган.

Экинчи тилде сүйлөгөндөр өз эне тилинде гана сүйлөгөндөргө караганда көбүрөөк акча табышаарын азыркы изилдөөлөр тастыктады. «Тил сыйлыгы» ар кайсы өлкөлөрдө ар башкача. Эксперттер англис тилин мисал келтирип, пайыздык ченди текшеришти. Мисалы, Вьетнамда бул премиум 40-60% ды түзөт, ал эми дүйнөдө үстөмдүк кылган тилдин өлкөсү болгон АКШда экинчи тилде сүйлөгөндөр орто эсеп менен 2% га гана көп алышат. Австрияда англис тилин билгендер (ар экинчиси сүйлөйт) 11% гана көп алышат, ал эми Испанияда — 38%.

Постсоветтик мейкиндик үчүн өлкөлөрдүн жана айрым жарандардын өнүгүшүнө таасир эткен экинчи тил, бир кыйла деңгээлде, орус тили бойдон калууда. Ырас, орус тили расмий тил катары Кыргызстан үчүн, жалпы эле КМШ үчүн маанилүү экендиги жөнүндө мындай эконометрикалык изилдөөлөрдү эч ким жүргүзгөн эмес. Бирок биздин бүт тарыхыбыз көрсөткөндөй, орус тилинин аркасында Советтик Кыргызстандын тездик менен өнүгүүсү өз убагында башталган. Демек, падышалык Россиянын өкмөтү кыргыз элине билим берүү үчүн 300-350 жыл бөлүп берген болсо, анда Совет мезгилинде бир нече он жылдыктарда 100% сабаттуулукка жетишилген.

Бирдиктүү евразиялык орус тилдүү мейкиндиктин мүмкүнчүлүктөрү кандай — аны убакыт көрсөтөт. Ал ортодо Конституциянын жаңы долбоорунда орус тили ошого карабастан расмий статусун сактап калды. Ушул жерде эски анекдот эске түшөт:

Үй ээси: Сиз кечээ биздин коногубуз болдуңуз

Конок: Ооба.

Үй ээси: Ошентип, сен кеткенден кийин, биз күмүш кашыктарыбызды жоготтук!

Конок: Бирок мен маданияттуу адаммын, аларды мен алган жокмун!

Бир нече убакыт өткөндөн кийин:

Үй ээси: Билесиңерби, кашыктар табылды!

Конок: Кашыктар табылды, бирок чөкмө из калды!

Орус тили дагы ушундай: алар аны таштап кетишкен, бирок чөкмө изи калган.

Марина Гречанная
Марина Гречанная журналист