17 ноябрь 2020

Марс Сариев: Курултай бул — аракеттеги демократия

2020-жылы 29-октябрда Бишкекте «Дасмия» комплексинде конституциялык реформаны жана ал кездеги президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун демилгесин колдогон курултай өттү. Иш-чарага өлкөнүн түрдүү аймактарынан жүздөгөн адам чогулду.

Курултайды Кыргызстан Аксакалдар Кеңеши, «Улуу Курултай», «Элдик Курултай» кыймылдары жана башка бир катар мекенчил уюмдар уюштурду. Ага Садыр Жапаров өзү катышкан жок, бирок анын өкүлү Медет Бокоев келди.

Курултайды президентке жана парламентке караганда маанилүүрөөк кылуу, депутаттардын санын азайтуу жана премьер-министрдин кызматын алуу сунуш кылынууда. Мамлекетебиздеги парламент учурда айрым топтордун кызыкчылыгын көздөгөн клубга айланганы айдан ачык болуп калды, депутаттар элдин мүдөөсүн укпайт. Мындай кырдаалда элдик курултай мыйзам чыгаруучу органга жакшы альтернатива болот.

Борборлоштурулган, демократиялык жол менен түзүлгөн өкмөт жок мезгилде Курултайлар демократиянын өкүлчүлүктүү формасы катары кыргыз элинин тарыхында оң роль ойногон. Бүгүнкү күндө курултайлар — жолугушууларды жана талкууларды уюштуруп, каалоолорду билдирип, бийликке таасир этүү үчүн колдонулган аянтча катары пайдалуу. Азыр өлкө Курултайдын ролун талкуулап жатат. Жалпысынан бул маселеге төрт багытта кароо керек:

Биринчиден, курултайды КР ЖКнын жогорку палатасына айландыруу сунушталып, төмөнкү палатадагы мыйзам чыгаруучулардын санын кыйла кыскартуу демилгеленди. Курултайдын алдында — аткаруучу, көзөмөлдөөчү органдар, өлкөнүн президенти, парламент жана башка мамлекеттик мекемелер отчет бериши керек. Кызмат адамдары курултайдын чечими менен иштен бошотулушу да мүмкүн.

Экинчиден, курултай бардык мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына таасир эте ала турган, мыйзамдарды демилгелөөгө жана коомдун, мамлекеттин өнүгүү концепциясын иштеп чыгууга катышуучу коомдук көзөмөл органы болуш керек.

Үчүнчүдөн, кеңеш берүүчү орган макамын курултайга калтыруу. Сунуштар 2020-жылдын 7-февралында коомдук талкууга коюлган «Элдик Курултайлар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда баяндалган (демилгечилер — КР ЖК депутаттары И. Гаипкулов, А. Акматов)

Курултайдын тийиштүү мамлекеттик органдарга сунуштарды жөнөтүүчү консультативдик орган катары макамы оптималдуу көрүнөт. Анткени курултай коомдук маанилүү маселелерди ачык талкуулоону камсыздай алат. Муну Мамлекеттик кеңештин органы түзүлгөн Россиянын тажрыйбасынан көрсөк болот. Иш жүзүндө Мамлекеттик кеңештин функциялары Курултайдын ролуна окшош.

Эмне үчүн кыргыздын «чебер усталары» «таш гүлүн» жасай алышкан жок? Парламентаризмди европалык мыйзам ченемдүүлүк менен сиңирүү боюнча бир нече жылдык ийгиликсиз аракеттерден кийин гана бул механизм биздин Азия жеринде жашай албай тургандыгын көрсөттү.

АКШ «Демократия» деп аталган идеологиялык согушту жүргүзүп жатат деген түшүнүк калыптанды. Максаты — демократияга жамынып, АКШдан көзкарандысыз мамлекеттүүлүктү жок кылуу. Биз, башка жергиликтүү эл сыяктуу болуп, граммофондун татаал механизмин сатпай эле, демократияны граммофондун чоорундай жыттап алганы жатабыз. «Чукотканын башчысы» кинотасмасын эсиңиздеби? Ал жакта америкалыктар так ушундай кылышкан.

Ошол граммофондон сурнайы — жалпы шайлоо болуп саналат. Граммофондун эң татаал механизми — бул элитанын негизги маселелер боюнча макулдугу, партиялык курулуш, комитеттердин жана мекемелердин көптүгү, жооптуу кызматтарга талапкерлер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн көзөмөл, жана башка көптөгөн жагдайлар.

Эгерде демократиянын татаал механизми иштелип чыкпаса, курулбаса жана мүчүлүштүктөр оңдолбосо, анда демократия ар кандай мамлекетти бири-бирине каршы тиш кайраткан адамдардын чогулушуна айлантат. Демократиянын татаал механизмин куруу убакытты талап кылат. Муну АКШ өзү 200 жылдан бери жасап келет. Алар географиялык жактан бизге караганда ыңгайлуу шартта болушса деле Жарандык согуш жана Улуу Депрессияны баштан өткөрүштү.

Демократиядан баш тартууга болбойт, бирок демократиянын татаал механизми оңдолмоюнча, аны тигил же бул даражага тууралаш керек. Ошол эле кезде өлкөдө демократияны жогору жактан куруу менен алектенген бекем өкмөт болушу кажет.

Биздин тажрыйбабыз, Молдованын, Грузиянын тажрыйбасы көрсөткөндөй, парламенттик башкаруу формасы коррупция жана авторитардык-олигархтык башкаруудан кутулуу маселесин автоматтык түрдө чече албайт. Көпчүлүк учурларда, тескерисинче, парламенттин манипуляциясы менен авторитардык режимдерге жакын ыйгарым укуктарга ээ болгон айрым олигархтык топтор (адамдар) тарабынан бийлик узурпацияланат.

Марс Сариев
Марс Сариев политолог