22 декабрь 2020

Жарык күнүңүз менен!

Кыргызстандын энергетиктери кесиптик майрамын 2020-жылдын 22-декабрында белгилешүүдө. Быйыл ал юбилейлик — Энергетиктер күнүнө 55 жыл толду. Сектордо 16 миңден ашуун адам иштейт. Энергетиктер күнү — бул өлкөнүн энергетикалык комплексин түзүүгө жана кармоого бүт өмүрүн арнаган адамдардын майрамы. Энергетиктердин милдети — дүйнөгө жылуулук жана бейпилдик, адамдарга жарык берүү, ыңгайлуулукту камсыз кылуу, башкача айтканда түзмө-түз жашоо берүү. Энергетиктер үчүн «жылуулук» жана «жарык» деген сөздөрдүн мааниси терең.

Өлкөдө жети ири ГЭС жана Бишкек менен Ошто эки ЖЭБ бар. Жылына 15 миллиард кВт саат электр энергиясы өндүрүлөт. Электр линияларынын жалпы узундугу болжол менен 64700 чакырымды түзөт. Өлкөнүн энергетика тармагы тээ Совет доорунда түптөлгөн, акыркы отуз жылдын ичинде модернизацияланган. Датка — Кемин линиясы курулуп, генерациялык станциялардын жабдууларын жаңыртуу процесси жүрүп жатат. Энергетика тутуму 500 кВ чыңалуудагы уникалдуу аба чубалгыларын иштетет, анын маршруттары деңиз деңгээлинен 3500 метрге чейинки бийиктикте өтөт.

Энергетиктердин сыймыгы бул — Токтогул ГЭСи. Ал өлкөдөгү бардык электр энергиясынын 30% дан ашыгын өндүргөн ири ишкана. Бул ГЭСтин кубаттуулугу 1200 МВт. Токтогул суу сактагычынын дамбасынын бийиктиги 215 м, ал эми туурасы 292 м. 960-жылдары ГЭС куруу үчүн 16 миң тургун көчүрүлүп, 10 миң адамдын сөөгү кайрадан көмүлгөн. 25 айыл, кыш чыгаруучу завод жана аэропорт суу астында калган. Экинчиси, Бишкек шаарынын ЖЭБи, ал өлкөнүн 15% энергиясын өндүрөт. Энергия өндүрүшү керектөөнүн өсүшүнө туруштук бере албайт, ошондуктан кыйын мезгилдерде электр энергиясын кошуналардан сатып алууга туура келет.

Кыргызстандын энергетикалык потенциалы эбегейсиз, азырынча анын ондон бир бөлүгү гана колдонулуп жатат. Өлкөнүн аймагында суу ресурстары толугу менен калыптанган. Чоң дарыяларда ар кандай көлөмдөгү ондогон ГЭСтерди курууга болот.

Президенттикке талапкерлердин бири Садыр Жапаров бул потенциалды кантип эффективдүү пайдаланууну айтып берди. Эки-үч жылдын ичинде өлкөнүн энергетика тармагын башкаруунун жана компаниялардын, инвесторлордун өз ара жана мамлекет менен өз ара аракеттенүүсүнүн жаңы философиясын куруу керек. Негизги принциптер «жашыл» өндүрүш жана экология болушу кажет.

Канимет Назаров
Канимет Назаров