15 январь 2021

Биздин көчөдө да майрам болобу (телемедицина)?

Бир ай мурун, 12-декабрда дүйнө жүзү Эл аралык саламаттыкты камтуу күнүн белгилешти. 2012-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы уюмга мүчө мамлекеттердин дарегине багытталган резолюция кабыл алып, анда глобалдык натыйжага жетишүү үчүн бардык чараларды күчөтүүгө чакырык болгон: жер шарынын калкын саламаттык сактоо кызматтары менен жалпы камтуу.

Өлкөлөр, социалдык макамына жана абалына карабастан, калктын кеңири катмары үчүн сапаттуу медициналык кызматтар — ооруларды диагностикадан тартып, алдын-алуу ыкмаларына чейин жеткиликтүү болгон өнүгүү деңгээлине жетишүүгө умтулууга тийиш.

Бул жылы жалаң жалкоо адамдар гана Кыргызстандагы медицинанын сапаты жөнүндө айтышкан жок. COVID-19 коронавирус пандемиясы карапайым кыргызстандыктар жакшы билген, бирок чиновниктер эмнегедир «билбеген» көйгөйлөрдүн бардыгын ачып берди. Республикада 1480 медициналык мекеме бар! Ага фельдшердик-акушердик пункттар да кирет (алар Каркыра айылындагыдай мурунку мончонун имаратында болушу да мүмкүн) жана алардын бардыгы дары-дармектерге, шаймандарга муктаж. КМШ өлкөлөрүндө калктын санына карата дарыгерлердин көрсөткүчү боюнча Кыргызстан эң төмөн текпкичте: Беларуста калктын 10 миң адамына 40 дарыгер туура келсе, Грузияда — 47, ал эми Кыргызстанда — болгону 22. Тез жардам автоунааларынын жетишсиздиги, көптөгөн дары-дармектердин кымбаттыгы ж.б. өлкөдөгү кырдаалды коркунучка кептейт.

Көп жылдар бою топтолгон көйгөйлөр иш жүзүндө өткөн жылдын жаз жана жай мезгилдеринде Кыргызстанды апаатка кептеди. Өлкөнү дарыгерлердин жана ыктыярчылардын ишке берилгендиги гана сактап калды.

Бирок сапаттуу медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүк маселеси чечилбей турат. ЕАЭБде киши башына ИДП эң төмөн болгон өлкөдө дары-дармек сапатын уюштуруу мүмкүнбү же жокпу? — деген суроо бар.

Телемедицина санарип доорунда саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүнүн заманбап варианттарынын бири деп аталат. Бул таптакыр жаңы багыт эмес — телемедицинанын куралы катары биринчи видео конференция 1965-жылы өткөрүлгөн. Бул аорталдык клапанды жасалма жүрөккө алмаштыруу операциясынын көрсөтүлүшү болгон, ага көрүнүктүү кардиохирург Майкл Дебаки жардам берген. Ошондо «телемедицина» деген терминдин өзү али жок болчу. Ал кийинчерээк — 70-жылдардын биринчи жарымында пайда болгон. Азыр бул түшүнүк медициналык жардамды алыскы аралыкка жеткирүү жана өз убагында консультация берүү үчүн заманбап коммуникациялык технологияларды колдонууга негизделген медицинанын багыттарынын бири катары аныкталды. Ошол эле учурда, заманбап телемедицинанын маанилүү өзгөчөлүгү — эки тараптуу аудио жана видео байланыш мүмкүнчүлүгү.

Заманбап дүйнөдө телемедицина буга чейин саламаттыкты сактоо кызматтарынын катарында бекем ордун тапкан. Телесервисти жөнөкөй кырдаалдарда бетме-бет медициналык консультацияларды өткөрүүгө убактысы жок адам же узак мөөнөттүү дарылануудан өтүп, дарылануу мезгилинин аралыгында врачтын көзөмөлүндө турган өнөкөт дарты бар бейтап колдоно алат.

Телемедицина хирургиялык операциядан же стационардык дарылоодон кийин үйдө байкоо жүргүзүү жана калыбына келтирүү мезгилинде дарыгердин колдоосуна муктаж болгон бейтаптарга жардам берет. Мындай кызмат кош бойлуу аялдар үчүн, баланы тамактандыруу, жуунтуу, кам көрүү же ден-соолугунун абалы жөнүндө суроолору бар энелер үчүн пайдалуу. Ошондой эле жардам суроого муктаждык барбы? — дегендерге керек. Кезекке турбай, баланы суукта сүйрөбөй, жөн гана кеңеш аласыз — бул ыңгайлуу, мен менен макул болсоңуз керек?

Кыргызстанда бул багыт дагы жаңы эмес, Мыйзам долбоору бир катар депутаттар тарабынан 2013-жылы эле демилгеленген, бирок анда өлкөнүн өкмөтү аны орунсуз деп тапкан. Ал «мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү талап кылат» дешкен.

Бул маселеге бир жыл мурун кайра кайтканбыз. Өткөн жылы электрондук саламаттыкты өнүктүрүүнүн алкагында калктын ден-соолугуна кам көрүү жана саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүү боюнча өкмөттүн 2019-2030-жылдарга «Дени сак адам — ​​гүлдөгөн өлкө» программасы кабыл алынган. Программанын алкагында, документтин өзүндө көрсөтүлгөндөй, 2030-жылга чейин «көптөгөн жалпы шарттарды, ооруларды башкарууга жөндөмдүү, жарандарга/пациенттерге жеткиликтүүлүктү — телефондо медициналык кеңеш берүүнү менен камсыз кылган, баштапкы медициналык-санитардык жардамдын модернизацияланган, телемедицинаны өнүктүргөн тутуму курулууга тийиш».

Заманбап маалыматтык технологияларды киргизүү (телефон же онлайн консультация, телемедицина, электрондук каттоо, катталуу, жолдомо берүү, пациенттерди жөнөтүү) электрондук саламаттыкты өнүктүрүүнүн алкагында кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатат деп күтүлүүдө. Телемедицина аркылуу бейтаптар амбулатордук медициналык консультацияларды ала алышат. Бул программаны ишке ашыруу планына ылайык, мындай консультациялар 2022-жылдын аягына чейин болушу керек. Бирок алгач Саламаттык сактоо министрлиги телефон, онлайн, телемедицина аркылуу консультация берүүнүн жол-жоболорун, стандарттарын иштеп чыгып, бекитүүгө тийиш. Чынында, азырынча департамент ушул программанын алкагындагы иштин натыйжаларын чагылдырбайт.

Бирок мен чындыгында бул маанилүү маселе жаңы мамлекет башчысынын ишинин негизги багыттарынын бири болуп калат деп үмүттөнөм. Ошондой эле ушул жылдын май айында кайрадан коомдук талкууга коюлган телемедицина жөнүндө мыйзам дагы.

Анткени, анда чакан калктуу конуштардагы дарыгерлер консультация алууга, видео лекцияларга катышууга жана операциялардын жүрүшүн көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк алышат, бул дарыгерлердин кесипкөй изоляциясы көйгөйүн алып салат. Баса, кыйла арзаныраак болот!

Мен бир күнү, 12-декабрда, Кыргызстан сапаттуу медициналык кызматтар менен универсалдуу камтылган өлкө катары татыктуу тосуп алат деп ишенгим келет.

Марина Гречанная
Марина Гречанная журналист