12 декабрь 2020

Улуттук адабият күнү

12-декабрь — улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Бул күн Кыргызстанда Улуттук адабият күнү деп жарыяланган. Ар бир доор тарыхтын жүрүшүнө өзгөчө жөндөмдөрү менен таасир эткен адамдар аркылуу белгилүү. Түрдүү доордогу элдердин жана генийлердин жалпы окшош мүнөзү барбы? Алар дайыма эле болобу? Философтор, антропологдор, генетиктер бул суроолорго жооп берүүгө аракеттенишүүдө ...

Философ Артур Шопенгауер көрүнүктүү адамдардын ролун мындайча сүрөттөгөн: «Гений планеталардын айланасына кометадай болуп басып кирет, анын кыймыл-аракети туура жана айкын тартиби, анын эксцентрикалык чуркоосуна таптакыр жат». Бирок адабиятка эле кайталы.

Жазуучулардын жана адабиятчылардын арасында дүйнөнү таанып-билүүнүн бирден-бир куралы бул — акылдуулук жана чыгармачыл, конструктивдүү ой жүгүртүү. Жазуучулардын генийи субъективдүү айыптоону четке кагат. Бул узак убакыт өткөндөн кийин гана белгилүү боло тургандыгы айкын. Кыргызстандыктар өз мекендеши Чыңгыз Айтматов менен сыймыктанат — жана дүйнөлүк атак-даңк ага көзү тирүү кезинде буйруган. Совет адабиятынын эң жүрөктөн чыккан чыгармасы деп таанылган «Жамийла» повести бир кезде жергиликтүү жазуучулардын сынына кабылган. Ошол жылдардагы жазуучулар социалисттик реализмди карманып, Айтматов алардын катарына туура келген эмес, анын баатырлары коммунисттик келечектин куруучуларына окшош болбогон.

Чыңгыз Айтматов бир эле учурда эки тилди эне тили деп эсептеген — кыргыз жана орус тилдери. Анын чыгармалары дээрлик жүз элүү тилге которулган. 1952-жылы 6-апрелде ал өзүнүн биринчи фантастикалык чыгармасы «Гезитчи Дзюдо» аңгемесин орус тилинде жазып, «Кыргызстанда комсомолу» гезитине жарыялаган.

1957-жылы жайында «Ала-Тоо» журналы «Бетме-бет» деп аталган биринчи повестин жарыялаган. Андан кийин атактуу «Жамийла» чыгып, аны бүткүл дүйнөгө атактуу кылган — айтмакчы, дароо эле француз тилинде басылып чыккан. Жазуучу биринчи романы — «Кылым карытар бир күн» чыгармасын 1980-жылы жарыкка чыгарган.

Айтматовдун чыгармаларында элдик жомоктор менен уламыштардын сюжеттери көп колдонулат. «Ак кемеде» анын марал өлтүрүп коюшкандыктан жашоо менен кош айтышкан бала сүрөттөлгөн. Баскынчылар туткундарды кулчулукка кептеп, алардын эс тутумун өчүрүп, көзкарандысыздыктан ажыратуу жөнүндөгү уламыштын аркасында «манкурт» сөзү дүйнөнүн тилдеринде пайда болду.

Аялга суктануу — анын сулуулугу, эрктүүлүгү, мүнөзү Айтматовдун чыгармаларында чагылдырылат. Аялдардын образдары ар дайым жаркырап, эсте калат — «Жер энедеги» даанышман Толгонай, «Жамиладагы» эрки күчтүү Жамила, «Кызыл жоолук жалжалымдагы» жаш Асел.

Анын китептеринин барактарында адамга жана биздин кичинекей бир туугандарыбызга болгон сүйүү жөнүндө айтылат. Айтматов жашоону бардык көрүнүштөрүндө жакшы көрчү. Чыңгыз Айтматовдун көрүнүктүү кызматтары дүйнөлүк коомчулук тарабынан жетиштүү бааланган, ал көптөгөн абройлуу сыйлыктар менен сыйланган. Ал тургай Нобель сыйлыгынын лауреаты наамына көрсөтүлгөн, бирок ал бул жогорку наамды алууга жетишпеди.

Кыргызстанда адабият кыргыз, орус, өзбек жана башка элдердин тилдеринде өнүгүп келе жаткандыгы кубандырат. СССРдин өзүн-өзү таркатышы жана жаңы суверендүү мамлекеттердин пайда болушу жазуучулардын жана акындардын чыгармачылыгын мамлекеттик колдоо жана жайылтуу салтын бузду. Демек, Чыңгыз Айтматовдун мураскорлорунун, азыркы жазуучулардын чыгармалары Кыргызстандын чегинен тышкары окурмандардын кеңири чөйрөсүнө дагы деле болсо белгисиз бойдон калууда. 12-декабрь кыргыз элинин чыгармачылыгын сактап калуу жана жайылтуу зарылдыгын эскертет деп ишенгим келет.

Канатбек Мурзахалилов
Канатбек Мурзахалилов