19 ноябрь 2020

Аймактык ырааттуулук

Кыргызстанда биз бийликтин жогорку эшелонунда аймактык балансты сактоого сезимталдык менен мамиле кылабыз. Ар бир аймак, ар бир район бардык күч структураларында өз өкүлдөрүн көргүсү келет. Ошондой эле сааттар бою талашып-тартышып сүйлөшө турган негизги тема бар. Бул президенттик бийликтин аймактык ырааттуулугу. Жөнөкөй сөз менен айтканда, биз түндүк региондон келген президент бир же эки президенттик мөөнөттү аткарышы керек деп эсептейбиз, андан кийин ошол эле бир же эки мөөнөткө бийликтин тизгини түштүктүн өкүлүнө өтөт. Анан баары кайрадан кайталанат.

Азыркы учурда Кыргызстанда республиканын башчысынын креслосу үчүн олуттуу күрөш жүрүп жатат. Президенттик талапкерлер чыккан килейген автобуста (талапкерлердин саны эки кабаттуу Лондон икарусун толтурууга жетиштүү) үч саясий фигура — Садыр Жапаров, Адахан Мадумаров жана Канат Исаев айырмаланып турушат. Үчөө тең президенттик жарыштын фавориттерит. Бирок, жогоруда айткандай, президенттин кабинетин түндүккө өткөрүү кезеги келди. Мурунку президент Жээнбеков Ош облусунан болгон. Эми байкебиз өзүн көрсөтүп, Кыргызстандын гүлдөп-өсүшү үчүн бардык күч-аракетин жумшай турган мезгил келди. Ошондуктан (Адахан Кимсанбаевичтин тарапкерлери мени кечиришсин), Мадумаровдун 2021-жылдагы президенттик шайлоодо жеңүүчү болууга мүмкүнчүлүгү аз. Эмне дейбиз, аймактык ырааттуулук. Аны четке түртө албайбыз.

Саясий көз караш, акыл жана логика боюнча Мадумаров үчүн түндүктөгү талапкерлердин бири менен биригүү пайдалуу. Бул күчтүү саясий союз болот. Мындай альянс эки тарапка тең пайдалуу. Мадумаровдон Кыргызстандын түштүгүндө жана анын чегинен тышкары жердештеринен тигил же бул талапкерге добуш берүүсүн сурануу гана керек. Мадумаров жана анын партиясы түндүктү колдоо менен, 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо (парламенттик шайлоонун пропорционалдык тутумун сактоо менен) бир топ депутаттык мандатка ээ болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Мадумаровго спикердин креслосу тийиши да мүмкүн. Президент түндүктөн, спикер түштүктөн. Аймактык саясий тең салмактуулук сакталат.

Суроо туулат — Мадумаров мындай тандемди түзүү үчүн кимди тандайт? Кантсе дагы, бизде эки талапкер бар — Садыр Жапаров жана Канат Исаев. Алар жөнүндө эмне айта алам? Жапаров Ысык-Көлдөн, Исаев Чүйдөн. Экөө тең Атамбаевдин тушунда саясий куугунтукка алынган. Аларда мүмкүнчүлүк чоң. Бирок көңүл бурчу жагдай, Садыр Жапаровдун колунда өтө күчтүү карталары бар — анын шериктери бийликте. Демек, административдик ресурс 2021-жылы өтө турган президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун пайдасына иштеши мүмкүн. Ошондой эле, кландар мамлекеттик машина менен болгон мамилесин бузгулары келбейт жана Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдоого макул болушат. Демек, административдик ресурсу жана кландардын акчасы — бул күчтүү күч жана салтанат куруунун кепилдиги. Экинчи жагынан, эгерде Жапаров административдик ресурсту кошпой, баарын чынчылдык менен жасаса, анда Исаев ага олуттуу атаандаштыкты жаратышы мүмкүн. Көп нерсе Канат Исаевден көз каранды. Ал кандай команданы тандайт, кандай иш кылат? Убакыт көрсөтөт.

Медербек Коргонбаев
Медербек Коргонбаев саясий аналитик