6 январь 2021

Кыргызстандагы дистанттык окутуу. Каталардан алынган сабак. БУУнун маалыматы боюнча, COVID-19 пандемиясы билим берүү тутумунун тарыхтагы эң ири үзгүлтүккө учурашына алып келип, бүт континенттерде 190дон ашуун мамлекеттеги 1,6 млрдга жакын окуучугаа тааси

БУУнун маалыматы боюнча, COVID-19 пандемиясы билим берүү тутумунун тарыхтагы эң ири үзгүлтүккө учурашына алып келип, бүт континенттерде 190дон ашуун мамлекеттеги 1,6 млрдга жакын окуучугаа таасирин тийгизди. Алардын арасында Кыргызстандагы 1,1 миллион мектеп окуучусу бар.

Чектөөлөргө байланыштуу 2020-жылдын апрелинен тартып мектептер гана эмес, ЖОЖдор, бардык билим берүү уюмдары аралыктан окутууга өтүштү жана жайкы каникулдан кийин эпидемиологиялык оор кырдаал сакталып калгандыктан, билим алууну дистанттык режимде улантышты.

Кыргызстандын билим берүү тутуму болуп көрбөгөндөй кыйынчылыкка туш келди: мугалимдердин даярдыгы жок, начар байланыш же анын жоктугу, мектеп окуучуларында гаджеттердин жетишсиздиги, айрыкча өлкөнүн булуң-бурчтарындагы шаймандар жетишпеген шартта билим берүү жараянын аралык форматта уюштуруу керек болду.

Ушул факторлордун бардыгын, ошондой эле пандемиянын өзгөчө кырдаалдарын эске алып, Билим берүү министрлиги мүмкүн болгон окуу стратегиясын аныктады жана мектеп окуучулары окуу жылын аяктап, жаңысын башташты. Дистанттык билим алууга мүмкүнчүлүк онлайн платформаларда — үч улуттук телеканалда, мобилдик тармактар ​​үчүн эки тиркеме аркылуу камсыздалды.

Үч жума аралагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги үч улуттук каналда көрсөтүлүп жаткан видео сабактарды даярдады. Телекөрсөтүүлөрдөн тышкары, «Кыргызстандын билим берүү ресурстары» онлайн платформасында кошумча билим берүүчү материалдар жайгаштырылды. Ошондой эле, бул материалдардын бардыгы MEGA 24 мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү болду.

Ошол эле учурда, дистанттык окутуунун башталышынан тартып эле, Интернет ата-энелердин даттанууларына толду.

Ар бир окуучуда шаймандардын жана тармакка кирүүнүн жоктугу Кыргызстандагы көптөгөн үй-бүлөлөр үчүн олуттуу көйгөй болуп калды. Үй-бүлөлөрдүн көбүндө бир смартфонду жалпылап пайдаланышты. Ал эми телекөрсөтүүлөрдүн графиги бир үй-бүлөдөн бир нече окуучунун бир эле мезгилде билим алышын эске алган эмес. Башталгыч жана орто класстын окуучуларына сабактар бир эле учурда, бирок ар башка каналдар аркылуу берилди.

Байланыштагы көйгөйлөрдөн жана ноутбуктардын жетишсиздигинен улам, мугалимдер мессенжерлерди колдонууга аргасыз болушту: ата-энелерге тапшырмалар жөнөтүлүп, жооп иретинде алар дептердин сүрөтүн жиберишкен. Көптөгөн мугалимдер бул окутуу форматына даяр эмес болушкан. Кыргызстандагы мугалимдердин орточо жаш курагы 50-60 жашта экендигин эске алсак, алардын көпчүлүгү маалымат технологияларын колдонууну жакшы билишпейт.

Көзкарандысыз эксперт Екатерина Касымованын айтымында, «учурдагы шарттарда Кыргызстандагы дистанттык окутуунун модели ... „кадыресе“ окууга кайтып келүү алдында билим берүү процессинин үзгүлтүккө учуратпоонун гана амалы. Бул ыкма эпидемияны токтотуу жана окуучуларга изоляцияны камсыз кылуу максатында жакынкы аралыкта гана өзүн акташы мүмкүн».

«Мектеп маалыматтары» жана «Шаардык демилгелер» изилдөөлөрүнүн алкагында 338 мугалимдин жана 1324 окуучунун арасында сурамжылоо жүргүзүлдү. Анын негизги жыйынтыгы:

• мектеп мугалимдеринин 70% даярдалган эмес жана тиешелүү консультациялардан жана тренингдерден өтүшкөн эмес;

• Мугалимдер үчүн дагы, балдар үчүн дагы эң чоң тоскоолдуктардын бири техникалык аспект — Интернеттин начардыгы же анын жоктугу, ошондой эле Интернетке кирүүгө мобилдик шаймандардын жоктугу;

• Онлайн режиминде билим алууда ата-энелердин ролу эң маанилүү экени далилденди.

Изилдөөгө ылайык, окуучулар көбүнчө онлайн сабактарга катышкан эмес. Себептери: Интернеттеги техникалык көйгөйлөр же анын толук жоктугу, ошондой эле карантин мезгилинде балдардын мойнуна түшкөн үй жумуштары.

Ага карабай, Кыргызстан 2020-жылдын июнь айында COVID-19 учурунда ЮНИСЕФтин Билим берүү боюнча Дүйнөлүк таалымат таблицасында «дистанттык окутууга ийгиликке жетишкен» өлкөлөрдүн бири деп таанылды.

Жалпысынан, дистанттык окутуу көйгөйлөрү бир гана Кыргызстанда эмес, башка мамлекеттерде дагы байкалды. БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш коронавирус пандемиясы дүйнөдөгү билим берүү тутумунунун заманбап тарыхында эң ири ийгиликсиздикке алып келди деп билдирди. Ал бардык өлкөлөрдү коронавирустун жайылышы жайгарылары менен мектептерди ачууга чакырды. БУУ ошондой эле өлкөлөрдү билим берүүгө көбүрөөк акча бөлүүгө жана калктын бардык топторунун билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга чакырат. Гутерреш учурдагы кырдаал адамзатка педагогикалык методдорду жана принциптерди кайра карап чыгып, сапаттуу дистанттык билим берүү программаларын түзүүгө мүмкүнчүлүк берип жатканын айтты.

Билим берүү тутумундагы пандемиянын алдында кыска убакыттын ичинде жасалган аракеттер бизге өзгөрүүлөрдү жасоо мүмкүн экенин көрсөттү. Ушундай кырдаалда, пандемияны эске алуу менен, кризистен чыгуу, натыйжалуу билим берүү тутумун куруу, өлкөнүн акыйкат жана туруктуу өнүгүүсү үчүн анын ролун кайрадан карап чыгуу маселелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин бири Садыр Жапаровдун шайлоо алдындагы платформасында чагылдырылып, үмүт арттырат.

Ал мындай дейт: «Биз экономиканын муктаждыктары үчүн жана жаңы мезгилдин талаптарына ылайык билим берүү тутумун реформалашыбыз керек. Мектеп бүтүрүүчүлөрү буга чейин технологиялык жаңы чындыкта өнүгүүгө жетиштүү билимге жана көндүмдөргө ээ болушу зарыл: программалоо көндүмдөрү, тилди кеңири үйрөтүү, табигый жана техникалык илимдер боюнча терең билим. Биз күтүлбөгөн жерден дистанциялык билим берүү шарттарында жашоого аргасыз болуп жатабыз, ошондуктан жаңы ыкмалардын, кадрларды даярдоонун жана техникалык каражаттарды өркүндөтүүнүн аркасында бул окутуу ыкмасын натыйжалуу кылышыбыз кажет».

Нуркыз Суеркулова
Нуркыз Суеркулова