Ош шаарында 7 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт
3 декабрь 2020

Ош шаарында 7 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт

Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, калаада 7 099 мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт. Вице-мэри Эмил Шадыханов майыптарга жардам берүү менен алектенгендер менен жолугушту: көмөкчү мектептин башчысы, азиздер жана көрүүсү начар балдар үчүн адистештирилген мектеп-интернатынын директору жана омуртканын бузулуулары бар балдарды реабилитациялоо борборунун башчысы. Чиновник жетекчинин ар бирине 10 миң сомдон тапшырып, ошондой эле эң курч көйгөйлөрүн кунт коюп укту.

Эскерте кетсек, 3-декабрда Кыргызстанда Майыптардын эл аралык күнү белгиленет. Мурда Кыргызстандын президентинин м.а. Талант Мамытов мамлекет кыймыл-аракети чектелген адамдарды колдоо боюнча пассивдүү чаралар менен гана чектелбеши керек деген. Социалдык жеңилдик төлөмдөрүн сактоо менен дагы активдүү иш-чараларга өтүү керектигин кошумчалаган.