
ЖАКМ Кыргызстанда канча киши түрмөдө отурганын айтты
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев жалпысынан 9 миңге жакын адам түрмөдө отурганын билдирди. Алардын ичинен 36%ы оор кылмыштарды жасаса, ал эми 38%ы өзгөчө оор кылмыштардыжасаган.
2019-жылдын башындагы маалыматтарга салыштырмалуу түрмөлөрдөгү адамдардын саны дээрлик 2,5 миңге кыскарган. Мындан тышкары, 10 жыл мурунку Курманбек Бакиевдин режимин кулатууга жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата жасалган мунапыска байланыштуу 60 адам абактан бошотулуп, дагы 800 адам жазаларын кыскартышкан.
Ошол эле учурда, 2020-жылдын башынан бери атайын комиссия тарабынан 1120 адамдын арызы каралып, алардын дээрлик 500ү жатак-колонияларга которулган. 1800 адам күчөтүлгөн режимдеги колонияларда жаза өтөп жатышат — ал жакта кайталап кылмыш жасаган адамдар кармалат.