Дене табы көтөрүлгөндөр шайлоо участкаларына киргизилбейт
3 декабрь 2020

Дене табы көтөрүлгөндөр шайлоо участкаларына киргизилбейт

БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев дене табы көтөрүлгөн же оорунун белгилери бар шайлоочулар президенттик шайлоо күнү добуш бере албай турганын билдирди. Анын айтымында, мындай чечим коронавирустун жайылуу коркунучун азайтууга жардам берет. Ошондой эле 10-январда шайлоо участогунун кире беришинде адамдардын температурасы өлчөнөт.

Үгүт өнөктүгү маалында дагы чектөө чаралары да күчүндө болот. 50 кишиден ашык чогулууга тыюу салынат. Эч кандай концерттер же ири митингдер болбойт.