Кыргызстан менен Казакстан аскердик кызматташууну күчөтөт
23 ноябрь 2020

Кыргызстан менен Казакстан аскердик кызматташууну күчөтөт

Кыргызстан менен Казакстан эки тараптуу аскердик кызматташтыкты күчөтүүгө даяр экенин билдиришти. Бул тууралуу Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиев менен Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Кайрат Нурпейисов менен жолугушуусунан кийин белгилүү болду.

Биздин аскер кызматкерлерибиздин күжүрмөн даярдыкты өркүндөтүүгө багытталган биргелешкен иш-чараларга катышуусу, тактап айтканда,"Аныракай" атайын багыттагы аскер күчтөрүнүн эки тараптуу машыгуусу биздин өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы бир туугандык байланыштын мисалы", — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы.

Анын айтымында, эки мамлекеттин ортосунда конструктивдүү жана ишенимдүү диалог түзүлдү, буга Кыргызстан менен Казакстандын коргоо министрликтеринин кызматташтыгынын алкагындагы биргелешкен иш-чаралар күбө.

Эки тараптуу күжүрмөн даярдык иш-чараларынан тышкары, Кыргызстан менен Казакстан ЖККУ жана ШКУнун багыттары боюнча дагы кызматташат.