Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко атаандашы Майяны жеңип алды
22 ноябрь 2020

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко атаандашы Майяны жеңип алды

UFC чемпиону кыргызстандык Валентина Шевченко UFC 255 мелдешинде атаандашы Женнифер Маяны жеңип, төртүнчү жолу чемпиондук титулун коргоду. Алардын беттеши Лас-Вегаста өтүп, 5 раундга созулду.

Экинчи раунд кыргызстандык мушкер үчүн эң оор болду. Шевченкону атаандашы дээрлик 3 мүнөттөй дубалга такап үстөмдүгүн көрсөттү. Ушундан кийин Валентина атаандашы күчтүү экенин байкап, андан соң оңтойсуз кырдаалга туш болбоого аракет кылды. Ошол эле учурда, ал Майяга көп жолу ыкчам катуу соккуларды узаткан. Атаандаш ага жооп берүүгө үлгүргөн жок.

Натыйжада, калыстар бир добуштан жеңишти Шевченкого ыйгарышты.