Кыргызстанда коронавирусту дарылай турчу дары-дармектин баасы текшерилет
23 ноябрь 2020

Кыргызстанда коронавирусту дарылай турчу дары-дармектин баасы текшерилет

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиковдун тапшырмасы менен Кыргызстандын аймактарында коронавирус инфекциясын дарылай турчу дары-дармектердин бааларына мониторинг жүргүзүлөт.

Республикалык ыкчам штабдын отурумунда өкмөт башчысынын м.а. COVID-19ду дарылай турчу дары-дармектердин баалары аймактарда борборго караганда «олуттуу айырмаланбашы» керектигин айтты. Анын айтымында, керектүү дары-дармектерге болгон бааны турукташтыруу керек болот.

Учурда бул үчүн бардык мыйзамдык рычагдар бар» деп баса белгиледи Новиков.

Анын айтымында, учурда «өлкөдө дары-дармектер жана жеке коргонуу каражаттары жетиштүү». Ошол эле учурда, өкмөт башчынын м.а. медициналык мекемелерди «жабдуу деңгээлин» жогорулатууга көзөмөл кылууну тапшырды.